Евразия экономикалык бирлигинин алкагында эл аралык келишимдерди кыргыз тилине которуу боюнча кызмат көрсөтүүчү уюмду тандоо сынагын өткөрүү максатында ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн.
Ведомстволор аралык комиссия тарабынан бир ай бою тийиштүү уюмду тандоо өткөрүлдү, алдын ала Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына билдирүү жарыяланган.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү катышуучулардан билдирме келип түшкөн:
– «Кыргыздипсервис» дипломатиялык сервис МИ;
– «Сапат Транслейт» ЖЧК;
– «Кыргыз тилин колдоо фонду» КФ;
– «Lex Express Translation Agency» ЖЧК;
– «Кыргыз Форум» ЖЧК;
– «Intermax-Top» ЖЧК;
– «Профтранском» ЖЧК.
Тандоонун коюлган критерийлерине ылайык, сынактык комиссия талапкерлер алган упайлар боюнча сынактын жеңүүчүсү катары «Сапат Транслейт» ЖЧКны аныктады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ