Menu

ИИМдин жетекчилик кызматтарындагы аялдардын үлүшү төмөндөдү

Бөлүшүү:

2019-жылдын башында Ички иштер органдарында иштеген аялдардын үлүшү 2014-жылдагы көрсөткүчкө жетти, башкача айтканда 13 пайызды түздү. Бул тууралуу «Кайра түзүүлөр жана жыйынтык үчүн» граждандык союзу билдирди.

Акыркы төрт жыл ичинде Ички иштер органдарында эмгектенген аялдар 12% дан ашкан эмес. Ал эми 2019-жылдын башында квалификациялуу аял кызматкерлер, башкача айтканда түздөн-түз укук коргоо органдарынын иш-чараларын жүзөгө ашырып жургөн аялдардын саны өскөн.

Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жалпы санынын 6,5 пайызын түзгөн.

Бир жыл мурун бул сандар 0,2% пайызга аз болчу. Ал эми 2017-жылы милиция кызматкерлеринин 6%ын гана түзгөн.

Бирок, Ички иштер органдарынын жетекчилик кызматтарындагы аялдардын үлүшү 2015-жылдан бери азайып, жетекчилик структурасында иштеген аялдардын саны 7,4% ды түзгөн. 2019-жылдын 1-январына карата алынган маалымат боюнча алардын саны болгону 5,2 пайызды көрсөттү.

Жетекчи аялдардын пайызы 2016-жылдан кийин бир кыйла төмөндөгөн: 7,1% дан 4,9% га чейин.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: