Menu

Кыргызстан майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 7-февралында кабыл алынган.

Аталган Конвенциянын максаты бардык майыптарга адамдын бардык укуктарын жана негизги эркиндиктерин толук жана бирдей камсыз кылуу, коргоо жана колдоо, ошондой эле алардын ар-намысын сактоо болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасы Конвенцияга БУУнун Башкы Ассамблеясынын 66-сессиясынын ишинин алкагында 2011-жылдын 21-сентябрында кошулган жана Конвенцияны ишке ашыруу боюнча зарыл болгон иш-чараларды келечекте көрүү ниетин билдирген.

Аталган Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо жөнүндө грамотаны БУУнун Башкы катчысы болуп эсептелген депозитарийге депонирлөөгө тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 85 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: