Menu

Видео – Тазабек Икрамов «гомосексуализм» сөзүн айта албай койгондугу боюнча түшүндүрмө берди

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламентте «гомосексуализм» сөзүн дароо айта албай койгондугу боюнча түшүндүрмө берди.

«Айрым журналисттер менин гомосексуализм жөнүндө айткан пикиримдин үзүндүсүн кесип, түрдүү ракурста беришти. Ооба, мен жаңылып калдым. Палатадагы кызуу талкуу маалында эмоцияларымды кармай албай, ал сөздү туура эмес айтып алдым. Өлкө борборунда элибиздин салтына каршы иш-чара өтүп, аны айрым кесиптештер колдоп жатса, жиним келди. Ошондуктан мен эмоцияларымды кармай алган жокмун. Анан да ал жигиттер айтпашы керек болгон сөз», – деди депутат.

8-мартта Бишкекте аялдардын тилектештик билдирген жүрүшү өткөн. Анда кыз-келиндердин укуктарын жактаган, феминисттик көз караштардан тышкары жыныстык азчылыкты колдогон плакаттар да болгон. Өз кезегинде бул көпчүлүк жарандардын кыжырын келтирген.

13-мартта парламент бул жүрүштүн уюштуруучулары жана максаттары тууралуу УКМК жана ИИМ өкүлдөрүнүн маалыматын уккан. Депутат Тазабек Икрамов аларга суроо берип жатып, «гомосексуализм» сөзүн шар айта албай, социалдык түйүн колдонуучуларынын сынына кабылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 44 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: