Кытай массалык маалымат каражаттарынан иш алып барып жаткан кытай кыздын бул сүрөтүнө бир ирмем тигилип, көп нерселер эске түштү. 2000-жылдары эле Талас облустук гезитинде иштеп жүргөндө гезит чыгарган күнү басмаканада иштечүбүз. Басмаканада иштегендер белчеден кара май болуп, ар бир темир тамга кол менен терилчү. Темир сүрөттөр коюлчу. Андан бери аз эле жылдар өтсө да медиада болуп көрбөгөндөй өнүгүүгө жетиштик. Интернет желелериндеги социалдык түйүндөр, сайттар өнүктү. Азыр секунддарда сенсация тарап кетет. Дагы он жылда кандай өзгөрүүлөр күтөөр экен?
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ