2019-жылдын 25-мартындагы сүрөт.
Бүгүн, 26-марттын кечинде кадимки Камчыбек Ташиев өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасында бозгундагы саясатчы Өмүрбек Бабанов менен Москвада кучакташып түшкөн сүрөтүн жарыялады.
“25.03.2019-жыл.
Бардык жакшы иштер эми гана башталып жатат!
Жакында жолукканча!
Камчыбек Ташиев”.
деп жазат сүрөттү коштоп Камчыбек Ташиев.
Кыязы, Камчыбек мырза эски досу Өмүрбек Бабанов менен кайрадан кайсы бир саясый комбинацияны баштоо үчүн атайын ат арытып Москвага баргандай.
Бул кадамдары менен Камчыбек Ташиев жана Өмүрбек Бабанов же бийликти коркутуу үчүн саясый интрига жасашууда же келерки, 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоолорго даярдыктын алкагында сүйлөшүүлөрдү башташкандай.
Эсиңиздерге сала кетсек, 2015-жылы да, парламенттик шайлоонун алдында Ташиев менен Бабанов партияларын бириктире калып, кучакташып сүрөткө түшүп, аны элге ачык жарыялашкан. Парламенттик шайлоодо жеңишке да жетишишкен…
2015-жылдагы сүрөттөр
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ