Орусия тарабынан аннексияланган Крымда ФСБ, ИИМ жана Росгвардия кызматкерлери бир катар крымдык татарлардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүштү. Бул Орусияда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” диний уюмунун катышы бар деп шектелген украин жарандарына каршы козголгон кылмыш ишинин алкагында өттү.
Бул тууралуу орусиялык басылмалар Орусия ФСБсынын Крым боюнча башкармалыгына таянуу менен билдиришти. Шектелгендердин саны жана алардын аты-жөнү айтылган жок. Маалыматтарга караганда, тинтүү дээрлик жыйырмадай үйдө жүргөн. Активисттер билдиргендей, Симферополдогу Каменка кичирайонундагы тинтүү жүргөн аймак Росгвардия тарабынан курчоого алынган. Ал жакта жашоочуларды үйлөрүнө киргизбей жатышат.
2014-жылдан бери 31 крымдык мусулман “Хизб ут-Тахрирге” тиешеси бар делинип куугунтукталган. Украинада бул уюмга тыюу салынган эмес. Орусия “Хизб ут-Тахрирди” 2003-жылы террордук уюм деп тааныган.
22-февралда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Крым боюнча башкармалыгы бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча “Хизб ут-Тахрир” уюмунун сегиз мүчөсүнө кылмыш ишин козгогон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ