Menu

Марс Сариев, саясий серепчи: “Кыргыздар ханга баш ийип келген, президентке жүгүнүп көнүп калышкан”

Бөлүшүү:

– Марс агай, Баткендеги чек ара маселеси чыкканда, вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду “Тажикстанды тыңчысы”деген маалыматтар ачыкка чыкты. Эмнеге даражалуу кызматка коюп жатканда анын чуулгандуу иштерине маани беришкен эмес?

– Жеңиш Рззаковду кызматка коюп жатканда “мамлекетке чыккынчылык кылат” деп шек санашпаса керек. Ошон үчүн аны кызматка коёрдон мурун иликтешпеди го. Элди дүрбөткөн маалымат коомчулукка жарыяланып кетти, эми аны УКМК кылдаттык менен текшерүүгө алышы шарт. Анткени, ага чыккынчы деп катуу күнөө коюлуп жатат. Анын Тажикстанда СИЗОго отуруп чыкканы да ачыкка чыгып кетти. Сыягы, доомат койгондордун жетиштүү фактысы болгон үчүн андан шек санап, чыккынчы катары сүрөттөп жатышкандай. Негизи, Жеңиш Разаков УКМК ага коюлган дооматты текшерип бүткөнчө отставкага кетип турушу керек.

-Чек арада кырдаал кыйындап жатса, өкмөт башчы ал жакта эмес, 6ашка жакта доматтар коюлуп, анын отставкасын талап  кылган депутаттар да чекеден чыкты. Депутаттар өкмөттү кетирүүгө киришип калганбы же жөн эле коркутуп коёюн дештиби?

– Депутаттардын өкмөттүн отставкага кетишин талап кылганы саясий кырдаалдын өзгөрүп жатканынан кабар берет. Анткени, өкмөт коюлган милдетин так аткарып, ишин жөндөй албай жатат. Бул бир жагы. Экинчи жагы Путин кеткенден кийин өкмөт баары бир отставкага кетет. Анткени, Путин менен 350 бизнесмен келет. Алардын долбоорлорун ишке ашырууга Абылгазиев башында турган министрлер кабинети алсыздык кылат. Башкача айтканда, орустардын чоң долбоорлорун көтөрө албайт. Ошон үчүн депутаттар чек араны шылтоо кылып, аны отставкага кетирүүнүн айласын издеп жатышат. Анткени, орустардын ири долбоорлорун ишке ашырганга мүмкүнчүлүгү бар министрлер кабинетин түзүү мезгилдин талабы.

– 2020-жылдагы парламенттик шайлоону утурлай шайлоо мыйзамдарын чукул өзгөртүү аракети 6ашталды. Ал аракеттер жогору жактын колдоосуна татыйбы?

– Татыйт. Ошон үчүн ар ким өз алдынча мыйзам долбоорун жазып, шайлоо системасын оңдоонун оптималдуу аракетин көрүп жатышат. Ошондой эле шайлоо системасын өзгөртүүнүн арты менен азыркы бийликти бекемдөөнүн да тымызын аракеттери ишке ашышы мүмкүн. Ошон үчүн шайлоо системасын жакшырышына анчалык каршылык кылышпайт. Бийлик өз командасын парламентке алып келүүгө кызыкдар.

Мен билгени көпчүлүгү бир мандаттуу шайлоо системасын жактырышууда. Партиялык тизме менен кошо бир мандаттуулукка да жол берилсе, депутаттардын жоопкерчилиги да күчөп, азыркыдай деңгээли төмөн депутаттардан арылат элек. Бир мандаттуу шайлоо системасы менен мыктынын мыктылары гана парламентке келишине шарт түзүлөт эле. Анткени, партиялык тизменин шары менен деңгээли төмөн депутаттар, криминалдык чөйрө менен байланышы барлар да келип алып, элди иренжитип жатат. Бир мандаттуу шайлоо мына ушундай нерселерге жол бербейт эле. Негизи партиялык тизме менен шайлангыча бир мандаттуу шайлоонун  жакшы жагы да бар, жоопкерчилиги да жогору.

– Эмнеге Финполиция “Раим миллиондун”мүлкүн эсептеп бутө албай жатат?

– Анткени, азыркы бийликке да каражат, анан аларды колдогон эл керек. Ал бул дегенибиз менен “Раим миллионду” түштүктө колдогондор көп. Ошондуктан ага карата жаман пикир жарата албай тилектештик кылып, катуу кетпей жатышкандай. Себеби, жогору жактагылар шайлоо алдында түштүктү колго ала турган адамдан да айрылгысы келбей жаткандай. Эгер ага каршы иш баштала турган болсо, бийлик түштүктөгү электоратынан айрылып калышы мүмкүн. Ошон үчүн эмне кылаарын билбей, орто жолдо турушат. Бирок, ошол эле маалда кандай чечим чыгарат экен, алар менен тил табышып кетсе, Атамбаев айткан туура болуп калабы дегендер да аңдып турушат. Кыскасы, аны актай же каралай албаган кызык кырдаал жаралууда.

– “Республика-Ата Журт” партиясынан 4 депутат бугүн бийлик менен суйлөшүү жүруп жатканын, Бабановго жолугушууга барып келгендерин айтышты. Бийлик Бабановдун шартына, ыгына көнө баштадыбы?

– Бул деген саясат. Бабанов азыркы бийлик менен сүйлөшүүгө барганы менен, Ак үй анын шартына көнгөн жок. Ошон үчүн УКМК келсе жоопко тартылаарын айтып жатат да. Бирок, бийлик Бабановду, Мырзакматовду өзүнө тартса, Мадумаров да булар жакка ыктап, Атамбаев күчтөнө албай калмак деген да вариант бар.

– Атамбаевдин койгон дооматтарына ынансак болобу?

Атамбаев мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бийликти шыбап жатат. Анткени, саясий күрөш күндөн күнгө күч алып жатат. Анын этиканы да сактабай, токтоо болбой жатканынан Кыргызстан эле уят болуп жатат. Мурунку менен азыркы президенттин кармашы күч алган сайын тышкы саясатта Кыргызстан утулуп жатат. Президенттер кармашаарда мына ушул жагдайды эске алып коюшса болмок.

– Атамбаевди жайына коёбу же партиясын тартып алуу аракети күч алабы?

– Иса Өмүркулов 3-апрелде съезд өткөрүп, тартып алуунун аракетин дагы бир жолу көрөт. Бирок, Атамбаев да болгон аракетин жумшап, партиясын сактап калуунун айласын издейт. Анткени, Атамбаев партиясынан ажыраса саясаттан кеткенге аргасыз болуп, кылмыш иши козголушу, жоопко тартуу аракети башталат. Ошон үчүн Атамбаев партияны бербей, саясатта калуунун аракетин көрөт. Партиясын берип койсо, качыш керек же кылмыш жоопкерчилигине тартылыш керек деген маселе жаралат.

Менин оюмча КСДПга канчалык көз артышса да, анын партиясын тартып алалышпайт. Ошон үчүн КСДПны алсыратуунун аракетин көрүп, алсыз партия кылууга аракеттенишет. Башкача айтканда КСДПнын тагдыры Коммунистик партияны бөлүп жаргандай туш болушу мүмкүн.

КСДПны тартып алалышпаса, ал жактагы лидерлер башка партияга кетет. Жогору жактагылар КСДПны тартып алалбаса, “Замандаш”, “Мурас”, “Улуттар биримдиги” деген партияларды бир блок кылып, шайлоодо көбүрөөк мандатка ээ болуунун айласын издеши мүмкүн.

– “Ата Мекен”партиясы Текебаев камактан чыкса эле баштагы кадыр-баркына, саясый салмагына ээ болобу же Текебаевдин камалганы партиянын ишин солгундатабы?

– “Ата Мекен” партиясы Текебаев камалгандан бери кадыры түшмөк турсун, жоголоюн деген партиялардын катарына кирип калды. Эгер Текебаев камактан чыкса, партия анын кадыр-баркы, саясий аренадагы аракети үчүн саясатта калат. Ал саясаттын чордонунда болууну каалаганы үчүн бийликтин амнистия берели деген сунушуна көнбөй койду. Анын рейтинги түрмөдө олтурганда көтөрүлдү. Ошон үчүн ал оңой-олтоң эле бийликтин шартына көнө койбойт.

– Жакында камактагы Текебаев менен Садыр Жапаровдун иши каралат. Бийлик аты аталган саясатчыларга адилеттүү чечим чыгарышы мүмкүнбү же саясий оюндар күч алып кетсе, камакта калтырып коёбу?

– Сүйлөшкөнүнө жараша болот. Текебаев салмактуу фигура. Эгер алардын шартына көнбөсө, камакта калтырып, 2020-жылкы парламенттик шайлоого катыштырбоо аракети болушу ыктымал.

– Атамбаев каршылыгын күчөтсө, анын эсебин бердириш үчүн Текебаев менен Садыр Жапаровду камактан чыгарабы?

– Текебаевди эркиндикке чыгарып алып, анын азабын тарткысы келбейт. Анткени, Текебаев Бектур Асанов, Кубаныч Кадыровдой ыкка келе турган фигура эмес. Ал эркиндикке чыкса, саясатка аралашып, кеминде спикерликти талап кылат. Ошон үчүн азыркы бийлик чочулайт. Ошон үчүн аны чыгарбаштын аракетин көрөт. Жээнбеков менен Атамбаев кыл чайнашкан убакка келип калып, аргасы жок эле Текебаевди бошотпосо, аны бошотууну азырынча ойлонуша деле электей.

– Атамбаевдин оппозицияга кеткени, оппозиция күчтөнүп, бийликти чочулашына, саясаттын башка нукка бурулушуна шарт түзүшү мүмкунбү?

– Атамбаев оппозицияга өтүп, партиясын тазаласа Кыргызстанга эле жакшы. Бирок, тышкы оюнчулардын тилине кирип, төңкөрүш кылам дебеши керек. Башкача айтканда, тышкы оюнчулардын куралы болбошу керек.

– Атамбаевдин депутаттарга койгон дооматы орундуу элеби?

– Орундуу эле. Бирок, ошол парламентти өзү алып келбеди беле. Азыр ошонун кесепетин өзү тартып жатат. Ал үчүн башкалар эмес, эң биринчи өзү күнөөлүү.

– Путиндин келиши менен Кыргызстанда эмне өзгөрүшү мүмкүн?

– Менимче, азыр орустар чоң долбоор, чоң капитал менен келет. Ленин заводун калыбына келтирүү, аскердик техникаларды жасаган заводдорду куруу маселесин көтөрөт. Ошондой эле Кытай менен Кыргызстан сүйлөшүп жаткан темир жолго акционер болуу аракетин да көрүшөт. Эгер алар акционер болсо, кыргыздар Кытай менен жалгыз сүйлөшө албай калат. Алар чындап акционер болуп калса, Кытайдын Кыргызстанга болгон кызыгуусу жоголуп, саясий кырдаал да өзгөрөт.

– Инвестиция тарта албай жатканы өкмөттүн чабалдыгыбы же алардын келишине саясий кырдаалдын залакасы тийип жатабы?

– Өкмөт да чабал болуп жатат. Системдүү иштеген жок. Ошол эле мезгилде инвесторлордун жүз үйрүшүнө саясий кырдаалдын да залакасы тийип жаткандай. “Кумтөрдү”, дагы башка жактарды иликтөөгө алып жатышканы инвесторлордун Кыргызстандан качышына шарт түздү.

-Премьер-министрдин Конституцияда ыйгарым укуктары жогору болсо да, неге президентке көз каранды болуп, өз алдынча иштей албай жатат?

– Анын кылчактап, артын карап, өз алдынча иш алып барбай жатканы менталитетибизден болсо керек. Кыргыздар ханга баш ийип, ыйгарым укугу андан да жогору экенине карабай президентке жүгүнүп көнүп калышкан. Байкасаңар парламентте депутаттар кайрылуу жасаса эле премьер-министрге эмес, президентке жолдошот. Мына ошонун өзү кандай башкаруу орун алып жатканын далилдейт.

Маектешкен: Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: