Menu

АКШнын элчиси Доналд Лу КР Тышкы иштер министрлигинде адам укуктары боюнча баяндама жасады

Бөлүшүү:

Кечээ, 26-мартта Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Кыргыз Республикасындагы Америка Кошмо Штаттарынын Элчиси Доналд Лу менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө АКШнын мамлекеттик департаментинин дүйнөдөгү адам укуктары боюнча жакында жасалган баяндамасы талкууланды. Баяндамада Кыргыз Республикасында мурунку жылдарга салыштырмалуу 2018-жылы олуттуу оң өзгөрүүлөр болгондугун америкалык тараптын белгилөөсү баса белгиленди.

Ошону менен бирге, баяндамада көрсөтүлгөн көп учурлар ар кандай өкмөттүк эмес жана коомдук уюмдардын маалыматтары экендигине кыргыз тарабы көңүл бурду. Айрым мурдагы жогорку даражалуу чиновниктерге карата саясий кармоо деп аныктама берүүгө жол берилбестиги өзгөчө баса белгиленди, анткени коррупция боюнча аларга каршы конкреттүү айыптоолор коюлган жана сот процесси али бүтө элек. Бул факт коомчулук тарабынан соттук процесске таасир көрсөтүү аракети, б.а ички иштерге кийлигишүү катары кабыл алынды.

Америкалык дипломат АКШнын Мамлекеттик департаменти өзүнүн баяндамасын даярдоодо ар кандай Өкмөттүк эмес уюмдардын маалыматтарын жетекчиликке аларын жана бул республикада болуп жаткан иштердин чыныгы абалын дайыма эле чагылдыра бербесин белгиледи.

Кыргыз тарабы Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору тарабынан берилүүчү объективдүү жетишкендиктерди жана фактыларды эске алуу менен, жарыялана турган маалыматты кайталап текшерүүнү көптөн-көп өтүнөрүн билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: