Menu

Колуңан иш келбесе, министр болуп иште!

Бөлүшүү:

Тээ илгери, СССР кезинде дейли, министр болуп иштемек тозоктун тозогу эле да. Ал орунга барыш үчүн далай кызматтын «башын жеп», далай текшерүүдөн өтүп жатып анан барчу да. Эми болсо, эриккени эле министр болуп шайланып жатат. Анан аларың жөн иштесе эмне, биринчиден иштин көзүн билбейт, экинчиден, келип эле жей баштайт, үчүнчүдөн, министрликке туугандарын, тааныштарын алып келе баштайт. Анан ушундай министрден бир нерсе күтүүгө болобу, жакшы нерсе дегеним.?! Министрлер кабинетиндеги мындай министрлер элди кууратып жатпайбы. Мен төмөндө айта турган министрлердин бирин да жеке тааныбайм, алардын «болбос» иши менен жакындан таанышмын. Айталы…

Жеңиш Разаков кайдан-жайдан вице-премьер болуп келгенине түшүнө албайм да. Мурунку иштеринде: Баткенде облмилийсанын начальниги, губернатор болуп жүргөндө ишинен көрүнө алган эмес, иштемиш этип илээшип келген. Анан анын бу «жүрүшү» кимге жагып калганын билбейм. Ал күч структураларын тейлеген вице. Эмнени тейлеп жатканынын дайны жок. Баткенде чыр чыкса жетип барат, кыйратып салгансып кайра келет. Аны тажиктердин тыңчысы деп айтып жатышат… Бул жигит сыйы менен эле кызматын өткөрүп бериши керек.

Дагы бир вице-премьер-министр Замир Айдаров дегендин ал кызматка жөн эле келип калганы дааналанат. Эмне иштин артынан түшүп бүтүрүп жатканынын эсеби жок. Бир кезде Сооронбай Жээнбеков менен чогуу иштешип, көзүнө көрүнүп алган экен. Ошол «көзгө көрүнүп» алгандын күчү менен келатат. Ордун бирөөгө берип, өзү айыл өкмөткө барып иштечү неме экен…

Азыркы министрлердин ичинен эң эле көп сын укканы Нурбек Мурашев болуп турат. Бирок, миң-сан сын укса деле, бу неменин тогото турган түрү жок,«… кербен жүрө берет» деп жыйынтыктап коет экен. Былтыр айыл чарба министрлиги «картошканы көп айдагыла, өткөрүү жагынан коркпогула, өзбектер менен макулдашып койгонбуз» дегенди айтып, дыйкандарга картошканы көп айдатты эле. «Макулдашканы» куру сөз болуп, далай дыйкан картошкасын өткөзө албай келет. Дагы бир кеп кетти: «Картошканы беребиз деген кыргыз тарап, өзбектерден көп суммадагы акча сураптыр, ошондо алар картошкаңарды урганыбыз жок деп коюптур» деген.

Дегеле ушул министрликтин ишинин конкреттүү бир багыты жок. Дыйкандар өздөрү менен өздөрү болуп ишин бүтүрө берет экен. Булар болсо ким эмне септи, айдады дегенди да даана биле албай убара. Мурашевдин небак эле министрликтен кете турган жолу даяр…

Биздин келечек үчүн аябай маанилүү болуп турган министрлик бул- Билим берүү жана илим министрлиги. Анын башында болсо, ишин так билбеген, бирок, билгендей жүргөн Гүлмира Кудайбердиева турат. Министрликтин ишин, демек, билим берүүнү бир нукка, жакшы нукка сала албай, муталимдерди түрдүү убара тарттырып, кагазды көп жаздырып, чыгарган китептери жараксыз болуп,… Кудайбердиева да келет иштемиш этип. Орунун бирөөнө бериш керек эле, а мунун бергиси жок.

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин кесиби фармацевт экен. Мурунку ишинде кайсы бир туура эмес иши үчүн кылмыш иши козголгон деп жүрөт. Бу Чолпонбаев деген министрдин атагы космоско чейин чыкпадыбы: анткени, грантка келген акчаны сарптап 82 миң долларга жол тандабас саттырып миниптир! Э айланайын, министрлик ошончо эле байбы?! Анын бу жоругун ишине болгон «жүрнары» мамилесинин жыйынтыгы деп билели, өзүмчүл экен деп билели.

Олег Панкратов деген экономика министри буга чейин далай чоң кызматтардын «башын жуткан». Бир дагы ишинде өзүн көрсөтө алган эмес. «Кой, Өкмөт курамына эч болбоду дегенде бир орусту кошуп коелу» деген чирик саясаттын туундусу ушул – иш билбес неме килейген министрликти башкарып олтурат.

Мен бу жерде олтуруп алып, баарын сындап кыйын болуп жатпаймынбы. Алардын кимисинин ордуна мени койсо да иштей албайм, колуман келбейт. Аны билем. Мага окшоп колунан келбей турганын мойнуна алып, кайсы бир чоң иштен баш тарткандар болсо кана дейм да?!

…Мухамметкалый Абылгазиев баш болгон Өкмөт жакында отставкага кетүүгө баштанып калды окшойт…

Баратбай Аракеев

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: