Menu

Бекболот Талгарбеков, экс-министр: “Иса Өмүркуловдун Атамбаевден эч айырмасы жок”

Бөлүшүү:

Элдик Курултайдын аткаруу комитети жума башында «Бийликти узурпациялоо жана анын кесепеттери» деген аталышта жыйын өткөрдү. Анда белгилүү саясий ишмер Бекболот Талгарбеков саясий туткундардын маселеси боюнча баяндама жасады. Ага ошол жана учурдун талылуу маселеси боюнча суроо узаттык.

– Бекболот агай, Акаев-Бакиев бийликтеринде бир-экиден, ал эми Атамбаевдин бийлигинде отуздан ашык саясий туткундар пайда болгону айтылып келе жатат. Бул көрүнүштүн себеби эмнеде?

– Тарыхка кайрылсак, бардык арамза жана зулум бийликтер мамлекеттик эки ресурска көп көңүл бөлүп, аларды жеке кызыкчылыктар үчүн максималдуу колдонуп келишкен. Биринчи ресурс – бул күч-сот түзүмдөрүн толук көзөмөлгө алуу, аларды ар тараптан колдоо жана пайдалануу. Экинчиси – коомчулуктун акыл-эсин, пикирин көзөмөлдөп туруу үчүн кубаттуу маалымат каражаттарына ээ болуу жана аны да пайдалануу. Бул жагдайда көп мисалдар бар. Мен эки өлкөнүн тажрыйбасына токтолуп кетейин. Биринчи, өткөн кылымдын 30-40-жылдарындагы фашисттик Германиянын мисалы. Мамлекет башчысы Адольф Гитлер күч түзүмдөрүн, биринчи кезекте армияны эбегейсиз күчтөнткөн. Жана да, «Геббельстин пропаганда машинасы» деген зор маалымат ресурсу жаралган. Бул эки ресурска таянып, Гитлер өзүнүн маниакалдык идеясын-башка элдерди кулга айлантып, немис улутун гана жогорку сорттогу улутка айлантууну көздөгөн. Бирок натыйжасы оор болду. Экинчиси, өткөн кылымдын 70-80-жылдарындагы Румыния өлкөсүнүн тагдыры. Андагы мамлекет башчысы Николае Чаушескуда аталган эки ресурсту ашкере колдонуп, өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн жыргал жашоосу үчүн пайдаланган. Чаушеску өзгөчө коопсуздук кызматына басым жасап, румыниялык ар бир жарандын сүйлөгөн сөзүн тыңшатып, баскан-турганын аңдытып, каршы пикирдеги адамдарды түрмөгө олтургузуп келген. Анын да тагдыры трагедиялуу болду. Мен бул эки мисалды эмне үчүн келтирдим? Себеби Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев дагы бийликтеги 2011-2017-жылдарда дал ушул эки ресурска өзгөчө көңүл бөлүп, өзүнүн мансапкорлугун, ач көздүгүн канааттандырып келди. Ал биринчи кезекте коопсуздук кызматын жеке кызыкчылыгы үчүн багыттады. УКМКнын төрагалыгына кайниси, кесиби зоотехник, коопсуздук кызматы боюнча кабары жок Абдил Сегизбаевди дайындап, аны башкы «жасоолго» айлантты. Башкы прокуратураны да жеке кызыкчылыгы үчүн иштетип, анын башына тармакта бир күн да иштебеген Индира Жолдубаеваны дайындап, аны Сегизбаевдин тандемине айлантты. Соттармагын да талкалап, жеке көзөмөлгө киргизди. Сотторду тандоо кеңеши коорупциялык схема менен иштеп калды. Атамбаевдин эң жакын соратниги, КСДПдан ЖКдепутаты Галина Скрипкина 2014-жылы АКИ-прессте жыйын өткөрүп, сотторду тандоо кеңешиндеги 35 орундун ар бири 35 миң доллардан сатылганын ачык жарыялап салган. Ошентип, күч-сот түзүмдөрүн оюнчуктай пайдаланган Атамбаевге мыкты маалымат ресурсу керек болгон. Андай зор күчтү, «Фариддин пропаганда машинасы» деп аталган маалымат ресурсун, Атамбаев ийгиликтүү түзө алды. Демек, мамлекеттик бийликти узурпациялап алууда Атамбаев жаңы нерсе ойлоп тапкан жок. Ал болгону Гитлердин, Чаушескунун жана башка ач көз, зулум мамлекет башчыларынын тажрыйбасын өзүнө ылайыктап көчүрүп алып, колдонду. Мамлекетти аталган эки ресурс менен узурпациялоого жетишкен Атамбаев жан-жөкөрлөрү менен өлкөнү кокосунан карызга батырып, коррупцияны гүлдөтүп, кен-байлыктарды туш келди таратып, алты жыл бою Кыргызстандын канын соруп келди. Аны токтотобуз деген саруулук жигиттерге жана ондогон мамлекеттик ишмерлерге саясий террор, репрессия жүргүзүлдү. Саясий туткундардын көргөн азап-тозоктору боюнча кеңири баяндар, куугунтук уюштургандарга карата козголо турган кылмыш иштери али алдыда.

– Учурдун талылуу маселесине өтсөк. КСДП партиясы экиге бөлүнүп, Иса Өмүркулов баштаган топ 3-апрелде, ал эми Алмазбек Атамбаевдин тобу 6-апрелде өз алдынча съезд өткөргөнү жатышат. Буга кандай баа бере аласыз?

– Мен абактан бошоп келген үч жумадан бери бул маселе боюнча көптөгөн саясатчылар, катардагы жарандар менен пикир алыштым. Жалпы ой төмөнкүчө: КСДПнын көпчүлүк мүчөлөрү 3-апрелде съезд өткөрүп, партияны тазалануу жана жаңылануу жолуна коюу аракети – абдан туура кадам. Ал күнү партия өз тарыхынын жаңы барагын ачат деген ишеним бар. Андагы бир гана оркойгон чоң кемчилик – бул съездди уюштуруучу, лидер болуп эбак коомчулукка жек көрүнүп бүткөн Иса Өмүркуловдун тандалышы. Бул фактор-партиянын келечегине балта чаап коюшу толук ыктымал. Ал эми 6-апрелде өтө турган Атамбаевдин съезди – «аза күтүү» жыйынына окшогонсуп турат.

– Сиз пикир алмашкан адамдар эмне себептен Иса Өмүркуловго ичи чыкпайт экен?

– Ал өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп келсе да өлкөнүн эң бай адамдарынын катарына кирээри аңыз болуп айтылып келе жатат. Артынан чуулгандуу кеп-сөздөр дайыма коштоп келет. Негизгиси, Ирина Карамушкина таамай белгилегендей, анын кубулма позициясы, саткындыгы. Мына өзүн бийик даражага жеткирген Атамбаевди сатып, «мен ансыз деле жогорку кызматтарды аркалап келгенмин» таризинде анын далысына ууланган канжарды матырды. Анда өткөн тарыхты эске сала кетейин. 2010-жылы 7-апрелде кечки саат жетилерде «Ак-Шумкар» партиясынын элүүдөй мүчөлөрү Бишкек шаардын мэриясына бийликти өткөрүп алууга барышкан эле. Мэр Нариман Түлеев имаратты толук кулпулап, кызматкерлери менен мэрияны таштап кетиптир. «Шумкарчылар» кире албай турушса, аларга сырттан байкап турган ошол кездеги шаардык кеңештин төрагасы, азыркы мэр Азиз Суракматов басып келип, ачкычтарды Түлеев өзү алып кеткенин, бирок имараттын ичинде жоон топ спортсмендер бар экенин айтат. «Шумкарчылар» терезеден киришип, эшикти ачышат. Спортсмендер арткы эшиктен качып чыгышат. «Шумкарчылар» мэрдин эшигин талкалабоону чечип, жыйындар залын ээлешип, мурдагы шаардык кеңештин төрагасы, тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер Зоотбек Кыдыралиевди жаңы мэр кылып шайлашат. Ал командасы менен түнкү саат үчтөргө чейин иштеп, кайра эртеси саат сегиздерде келип, качып жүрүшкөн райакимдерди таап, шаардын кызматтарын ишке киргизип, абалды тездеп жөнгө сала баштайт. Бирок ошол күнү кечинде Убактылуу Өкмөттүн биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Атамбаев шаар мэрлигине Иса Өмүркуловду коём деп чыгат. «Шумкарчылар» өз лидерлери, УӨ мүчөлөрү, вице-премьер- министр Темир Сариевге жана Абдыганы Эркебаевге чыгышып, КСДП партиясы менен керек болсо тирешип-кармашып, мэрлик кызматка Кыдыралиевди сактап калаарын билдиришет. Ич ара чатак ырбап, бирок 9-апрель күнү Атамбаев өжөрлүккө салып, Сариев менен Эркебаевди «сындырып», өз максатына жетет. Ошол күнү саат ондо Атамбаевдин өтунүчү менен Өмүрбек Текебаев Иса Өмүркуловду мэрияга алып келип, аны Кыдыралиевдин ордуна олтургузуп кеткен. Атамбаевдин ошол жакшылыгын чанып, Иса Өмүркулов бүгүн саткынчылыктын символуна, «кыргыздын Иудасына» айланып калды. Анан ошондой саткын кантип жаңы КСДПга лидер боло алат?! Өмүркуловдун Атамбаевден эч айырмасы жок.

– КСДПнын жаңы төрагалыгына анда ким татыктуу?

– Атамбаевдин кара пиарынан коркпой-үркпөй эле партиянын төрагалыгына Асылбек Жээнбековду тандашса абдан туура болмок. Бул жерде эч кандай үй-бүлөлүк башкаруу жок. Себеби, Асылбек мурдатан эле өз орду, салмагы, позициясы бар мамлекеттик ишмер. Мына өткөн бир жыл төрт ай аралыгында ал өлкөнүн кадр жана каржы маселелерине киришпеди. Президент Сооронбай Жээнбековду уятка калтырбады. Жаңы КСДПны бийик деңгээлге көтөргөнгө акыл-эси, интеллекти, дарамети толук жетишмек. Эгер Атамбаевдин пропагандасынан коркуп, Асылбекке лидерликти ыраа көрүшпөсө, анда Сагынбек Абдырахманов да татыктуу. Өмүр баянына кызыгып көрсөк, анын таза, принципиалдуу саясатчы экенин, мол практикалык тажрыйбалуу өндүрүшчү экенин, адамдык сапаттары да мыкты экенин көрүүгө болот.

Маектешкен: Кыялбек Тагаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 61 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: