Menu

Фото – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусунун чектеш аймактарындагы жолдордун абалы менен таанышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна жумуш сапарынын алкагында аймактын чектеш райондорунун ички жолдорунун абалы менен таанышты.

Өкмөт башчы Баткен районундагы Ак-Сай – Рават унаа жолунун абалын текшерип жана Ак-Сай – Тамдык жолунун курулушу менен таанышып чыкты.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов билдиргендей, жалпы узундугу 25 км Ак-Сай – Рават жолунун курулушу 2014-жылдын январында башталган. Бүгүнкү күнү 18 км жол курулду.

Жанат Бейшенов ошондой эле маалымдагандай, Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча Ак-Сай – Тамдык унаа жолунун курулушу уланууда. Азыркы тапта 24,5 км жолдун 13 чакырымы курулуп бүттү.  Бул унаа жолдун курулушу Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча Баткен районунун чектеш аймактарында тоскоолдуксуз унаа каттамдарын камсыз кылууну шарттайт.

Премьер-министр аталган жолдордун өзгөчө маанилүүлүгүн баса көрсөтүп, бардык курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу камсыздоону, ошондой эле жолдун айрым тилкелерин чоң жүк ташуучу унаалардын өтүүсү үчүн кеңейтүүнү карап чыгууну тапшырды.

Андан соң Өкмөт башчы Баткен районунун Ак-Сай айылындагы орто мектептин абалынан кабар алды. Мухаммедкалый Абылгазиев окуу имаратынын окуу класстарын, ашканасын жана башка жайларын карап чыкты.

Премьер-министр спорттук залды оңдоо жана терезе-эшиктерди алмаштыруу үчүн баштапкы баскычында 10 млн сом табууну тапшырды.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев Ак-Сай айылынын кире беришинде жайгашкан көпүрөнү көрүп келди.

Тиешелүү органдарга жергиликтүү бийлик менен биргеликте жаңы көпүрөнүн курулушу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: