Menu

Канттагы аскер базасынын аянты кеңейди

Бөлүшүү:

Бул сапарда мамлекеттик маанидеги келишимдердин ичинен эң башкысы Кыргызстандын аймагында Орусиянын бирдиктүү аскер базасы боюнча жаңы протоколу болду. Документке ылайык Орусия Чалдыбардагы байланыш түйүнүнүн аянтын 811,2 гектардан 851,2 гектарга чейин, Караколдогу сыноо базасынын аянтын 55 гектардан 73,3 гектарга чейин кеңейтет. Жалпысынан бирдиктүү орус базасынын аянты 58,3 гектарга чоңоёт. Дал ушул кеңейген аймак үчүн Орусия 291 миң доллар акы төлөмөй болду. Буга чейин орус өкмөтү база үчүн 4,5 миллион доллар төлөп келген болсо, эми аянтын кеңейтилгендигине байланынггуу ижара үчүн 4,79 миллион доллар төлөй баштайт. Мындан сырткары учкучсуз учуучу аппараттарды пайдалануунун эрежелерин жана Канттагы авиабазанын учуп-конуу тилкесин модернизациялоону камтыйт.

Негизи Москва аскердик кызматташтыктын активдешүүсүн Ооганстандагы кырдаалдан улам Борбор Азияда коопсуздукту бекемдөө зарыл деген жүйө менен түшүндүрүп келет. Бул сапарда да коопсуздука өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргызстандык эксперттер Орусиянын базасынын кеңейиши өлкөнүн коопсуздугун сактоого салымын кошот деген ишенимде. Генерал Артур Медетбеков “курал-жарак, аскердик тетик тууралуу акыркы келишимдер биздин Куралдуу күчтөр үчүн абдан маанилүү. Анткени, акыркы коркунучтарга жакшы даярдыкты Орусия сыяктуу өлкөлөр менен бирге көрүшү керек”, – деп билдирди.

Кыргызстанда Орусиянын төрт аскердик объектиси бар. Алар: Канттагы аскер-аба майданы, Ысык-Көлдүн Койсары жана Кара-Булуң аймагындагы сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмикалык борбор. 2012-жылы бул объекттер биргелешкен аскердик базага бириктирилген эле.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 43 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: