Бир доорлордо жашаган Плиний деген акылы ашып ташыган эме «Жеке кызыкчылык коомдун кызыкчылыгынан кийин туруш керек» деген турбайбы. Тилекке каршы бүгүн коомубузда жеке кызыкчылыкты бийик коюп, эл башында олтура берген жетекчилерибиз арбын. Өз иши боюнча жөнөкөй маалыматты билбеген бакандай жетекчилер илең-салаң иштеп жүргөнү өкүндүрөт. Жетекчилер кээде кызматты өзү тапшырып берүүнү да үйрөнсө жакшы эле болчудай. Алсак, өкмөттүн Талас областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев качан «Кет!» демейинче олтура бере турган болуп калды. Ырасында, Мураталиев өткөн жумада өкмөт башчыдан тил укту эле. Жөнөкөй суроого жооп бере албаган жетекчи колунан иш келбегенден кийин ордун башка бирөөгө өткөрүп бергени дурус болмоктур…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ