Menu

Бюджетке түшпөй калган 1,5 миллион сом үчүн ким жооп берет?

Бөлүшүү:

АК ФК «Гелиос» деп аталган компания Токтогул 165 дарегиндеги кыймылсыз мүлктү сатып алып, өндүрүлгөн каражатты жашыруу максатында чыныгы баасын жашырып, төмөндөтүп коюшкандыгы ачыкка чыга баштады. Бул маселенин негизинде салык кызматы тарабынан текшерүү өткөнүнө карабастан мамлекеттик бюджетке 1 млн. 446 миң сом кайтарылган эмес.

АК ФК «Гелиостун» артында чоң кызматтагы адамдар турары айтылган. Айрым маалымат булактары бул иштин артында бир катар аткаминерлер турарын билдиришкен. Алардын бири Эсептөө палатасынын азыркы төрагасы Улукбек Марипов деген да маалыматтар соцтүйүндөргө чыкты. Ал кезде Марипов мырза, Ак үйдө иштеп турган. Бул маселе боюнча да фактылар жакынкы убакта ачыкка чыгат окшобойбу. Эгер чындап эле бул фактылар ачыкталып калса, анда Марипов ушул ж.б. мыйзамсыз иштеринин айынан кызматтан кетип, жоопко тартылып калышы толук мүмкүн.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: