Menu

“Лимонти” менен “Чыңгыз дөөнүн” согушу. Көлбаев келсе…

Бөлүшүү:

—Азамат мырза, алгач окурмандарга өлкөбүздөгү криминалдык абал тууралуу жалпы маалымат берсеңиз?

—Өлкөдө криминалдык абал стабилдүү эле. Эч кандай криминалдык топтордун үстөмдүгү жок. Баары биздин катуу көзөмөлүбүздө турат. Анын үстүнө азыр бири-бири менен тирешкен уюшкан кылмыштуу топтор да жок. Мунун да себеби бар. 2005-2006-жылдардан тартып 2010-жылга чейин Рыспек Акматбаев менен Камчы Көлбаевдин балдары бири-бирин издешип, бир топ тирешүүлөр, ар кандай криминалдык окуялар катталган. Азыркы учурда Рыспек Акматбаевдин крим чөйрөгө таасир бере турган балдары жокко эсе. Бирок Акматбаевдин бүгүнкү күндө оор кылмыштарга эл аралык издөөгө алынган 3-4 баласы бар. Алар биздин өлкөдө эмес, башка өлкөлөрдө жашырынып жүрүшөт.

-Рыспектин ишин, идеясын улаткан Максат Абакиров (каймана аты “Водолаз”) сыяктуу тың чыкмалары бар да. Аларды такыр эле сызып салганда болбойт го…

—Абакиров Максатка карата тиешелүү иш-чараларды жүргүзгөнбүз. Ачык айтканда, бизге да келип өз сөзүн берген болчу. 4-5 жыл мурун Максаттын баш көтөргөн тыңыраак балдары бар болчу. Бирок акыркы жылдары Абакировдун айрым балдары Улан Токтосуновдун (каймана аты “Сакал”) тобуна кошулуп кетишкен.

—Буга чейин Кыргызстанда 4 чоң уюшкан кылмыштуу топ бар экени айтылып келген. Сиз азыр, Акматбаевдин балдары Абакиров баштагандардын крим чөйрөдө таасир жок экенин баса белгилеп жатасыз. Башкалар боюнча кененирээк айтып берсеңиз?

—Туура. Ошондой маалыматтар айтылып келген. Алар: Камчы Көлбаев, Алмаз Бокушев, Азис Батукаев, Максат Абакиров. Абакировдун бүгүнкү күндөгү абалын айттык. Ал азыр мурункудай активдүү эмес. Кандайдыр  бир иштерге аралашкан жок. Өзүнүн кичи мекени Ысык-Көлдөгү Комсомол айылынан эки жакка көп деле чыкпайт. Көбүнчө чарбачылык менен алектенип, айылында болот. Бишкекке бир айда бир же эки ирет келип калат. Айрым учурда бир айлап жүрөт. Жанында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тизмеге алынган балдар жок. Өзүнүн өспүрүм баласын спорттук турнирлерге катыштырып калат. Кыскасы, өзүбүзгө кандай маалымат керек болсо, баары бизде бар.

—Абакировдун айрым балдары “Сакалдын” тобуна кошулуп кетти деп жатпайсызбы. Негизи “Сакал” Батукаевдин таасиринде экени айтылып келет. Бул чын маалыматпы, же башканын таасириндеби?

—Ал башынан эле Алмаз Бокушевдин таасиринде болуп келген. Бокушев болсо өзүн крим чөйрөгө аралашпай турганын, мындан ары спортту колдоп, ошол чөйрө менен алектене турганын айтып кеткенине бир канча жыл болуп кетти. Бокушевдин балдарынын арасынан бирөөсү өз алдынча, өз карашы менен лидер болуп чыккан. Бирок аны Бокушевдин ишин улантуучу деп айта албайбыз. Аны Батукаевдин таасиринде деп айтылган сөздөр иш жүзүндө аныкталбагандан кийин, аны тастыктап айта албайбыз.

—Батукаевдин Кыргызстандагы крим чөйрөдө аздыр-көптүр таасири барбы? Акыркы учурларда ал Москвада башка криминалдар менен базар талашып, өз таасирин арттыруу аракетин көрүп жатканы боюнча да маалыматтар чыгып келет…

—Батукаевдин Кыргызстанда эч кандай таасири жок. Балким аны менен чогуу олтуруп калган, аны менен чогуу жүрүп калгандар, аны сыйлап, ар кандай кептерди таратып жүрүшү мүмкүн. Бирок иш жүзүндө баса белгилеп айта турган эч нерсеси жок. Ал Кыргызстандан чыгарылып кеткенден кийин, өз өлкөсүндө мыйзамсыз курал алып жүргөндүгү үчүн полиция тарабынан кармалып, жатак абагына соттолгон. Ал кылмыш жазасы бүтө электе, жол кырсыгы боюнча да кылмышка шектелип, дагы соттолгон. Ал 2021-жылдын аягында гана эркиндикке чыгышы мүмкүн. Ал эми Москвада базар талашты деген маалымат 2 жыл мурунку маалымат. Чынында азербайжандык балдар менен чыр болуп, өзүн көрсөтүүгө аракет кылганы боюнча маалыматтар чыккан.

—Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы крим чөйрөдө Камчы Көлбаевдин алдына чыккан эч ким жок. Таасирин бир топ өстүрүп алды. Акыркы учурда чоң бизнесменге да айланып кеткени боюнча көп сөздөр бар. Сиз Көлбаев боюнча кенен, ачык маалыматтарды айтып берсеңиз?

—Деги эле Көлбаев болобу, башка болобу, жалпысынан алганда криминал маселеси боюнча айтыла турган, айтылбай турган маалыматтар болот. Камчы Көлбаевдин акыркы учурда кайсы бир криминалдык иштерге катышкандыгы байкалган жок. Силер айткандай, өзүнүн ишенимдүү балдары менен “Этно городок” куруп, ушул багытта иш алып барып жүрөт. Учурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды деген маалыматтар ЖМКларга чыгып калганда, эл анын баарын эле Көлбаевдин балдары деп ойлоп калып жатат. Биз криминалдык абал күчөбөсүн, таасирдүү болбосун деп алдын-ала иш-чараларды көп жүргүзүп жатабыз. Бүгүнкү күндө Көлбаевдин атынан арыз жазгандар жок.

—Эркин Мамбеталиев, “Лимонти” боюнча эмне айтасыз?

—Ал тынч эле өз оокаты менен алек болуп жүрөт. Анын үстүнөн бир да арыз түшкөн жок. Убагында бизнес менен алектениптир. Ошол иштерин улантып жүрөт го. “Лимонти” болсо түрмөдө. Анын жаза мөөнөтү 2032-жылы аяктайт.

Мен баса белгилеп айтып кетет элем, УКТнын мүчөсү болуп, өзүн кыйын сезишип, ар кандай кылмыштарды кылып, кутуруп жүргөндөрдүн баарынын орду түрмөдө. Алар эртеби-кечпи, кармалып, эркиндигинен ажырап, өз турмуштарына балта чабышат. Кыскасы, бул жолдогулардын жашоосунда жакшылык болбойт, өмүрү да өкүнүч менен аякташы толук мүмкүн.

—Түштүктө крим чөйрөнү көзөмөлгө алып жатат делген Кадыр Досонов (каймана аты “Женго”) Көлбаев менен таасир талашканга аракет кылып жатыптыр деген маалыматтар чыкты эле. Бул маалымат канчалык деңгээлде чындыкка жатат?

—Мындай маалыматты биз да окудук. Бирок туура эмес маалымат. Эч кандай таасир талашууну байкаган жокпуз. Башынан эле Камчы менен чогуу болчу. Кезинде чогуу качышкан. Биз тараптан да ЖМКга чыккан ушу сындуу маалыматтарга тиешелүү чаралар көрүлүп турат. Досонов эркиндикке чыккандан бери Ошто эле. Ашып кетсе 2 жыл ичинде Бишкекке 3 ирет келип кетти. Анын деле крим чөйрөдө таасири жок. Ал да катуу көзөмөлдө. Крим чөйрөгө атайын чагымчыл маалыматтарды тараткандар да жок эмес. Жалган маалымат таратып коюшуп, реакция кандай болот деп акмалап турушат. Же кээ бирөөлөр эки адам мушташа кетсе деле, айрым учурларда бирөөсүн УКТнын лидеринин жигити экен деп жазып салышат. Эл болсо андай маалыматка ишенип калат. Ошон үчүн мен жазмакерлерге маалымат жазарда бизге кайрылып, тактап жазыңыздар деп суранат элем.

—Уюшкан кылмыштуу топтордун активдүү мүчөлөрү болуп келген балдардын көбү түрмөдө да. Алардын саны канча?

—Болжолу 150гө чукул. Баары эле Көлбаевдики эмес, алардын арасында Батукаевдин жана башкалардын балдары бар.

—Уюшкан кылмыштуу топтун белгилүү лидерлери коркутуу-үркүтүү жолу менен чоң-чоң ишкерлерди атайын “учётко” алышып, ай сайын алардын бизнесинин кирешесинен белгилүү өлчөмдө үлүш алып келишет эмеспи. Бул көрүнүштү четке какпайсыңар да…

—Мындай көрүнүштөр 2012-жылга чейин бир топ өрчүп кеткен. Акыркы учурларда жокко эсе. Себеби, биз баарын катуу көзөмөлгө алып жатабыз. Уюшкан кылмыштуу топтун балдары мурункудай зордук, талап-тоноо, каракчылык кылмыштарын көп кылбай калышты. Алар акыркы учурларда 70-75 пайызы алдамчылык кылмыш иши менен алектенип жатышат. Бирөөлөрдөн акча же, мүлк карыздап сурап алышат, же бир ишти чогуу баштайбыз деп ишенимге киришип, алдап кетет, же алганын кайтарып бербей тил эмизип жүрө беришет. Мындайча айтканда, алар үчүн кылмыштын ушул түрү жеңил жана ийгиликтүү сезилип жатат окшойт. Бирок биз кандай кылмыш болсо да өз убагында көзөмөлгө алып, тишелүү чараларды көрөбүз. Бир нерсени айта кетейин, бүгүнкү күндө уюшкан кылмыштуу топко такыр тиешеси жок балдар да бар. Алар мурун ар кандай кырдаалдарда атайын тизмеге алынып калышкан. Мисалы, 2006-жылдары Мотуев балдары менен барып Кара-Кечедеги “Беш-Сарыдан” Камчыбек Жолдошбаевди кууп чыккан окуяда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү делип, атайын тизмеге алынып калган балдар да бар. Эми аларга азыр Көлбаевди да, Токтосуновду бетине коюп койсоң таанышпайт. Ошондой жол менен да УКТнын саны көбөйүп кеткен. Мына ушул жагын да эске алуу абзел. Ошондой эле жаш чагында жаңылып, анча-мынча кылмыштарга катышып, УКТга мүчө болгондордун көбү азыр жай турмушта, башка иштер менен алек болуп келатышканын биз жакшы билебиз. Мен 2007-2015-жылдары ушул башкармалыкта иштегем. Бизде тажрыйба да, толук маалымат да жетиштүү.

—Азыр “учётко” алмай кылмыш такыр жок дегени турасызбы?

—Такыр жок деп айтыш кыйын. Балким бизге арыз жазбай, билдирбей иш кылгандар бардыр. Бирок андай кылмыштар азырынча каттала элек. Өткөн жылы төбөсү көрүнгөн, өздөрүн лидер, “смотрящий” сезгендерден 10дон ашуунун кармадык. Мурун кайсы бир райондун, же облустун, шаардын “смотрящийимин” деп мактанмай, чын эле “мода” болуп кеткен. Азыр антип мактангандарды дароо эле текшерүүгө алып, тиешелүү чара көрөбүз. Жакында 8 жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн Аманкулов Бакытты (каймана аты “Баха”) Алматы шаарынан биздин балдар кармашты. Ал “Чүй облусунун “смотрящийимин” деп өзүн кыйын сезип, бир топ оор кылмыштарды кылып келген. Азыр аны Кыргызстанга алып келүү маселеси чечилип жатат. Негизи биз аны Кытайда жүрөт деп укчубуз, көрсө казак паспорту менен Казакстанда эле жүрүптүр.

—ЖМКда көп талкууланган айрым криминалга байланыштуу маалыматтардан учкай айта кетсеңиз…

—Токмокто катталган кылмыштарга карата айрым такталбаган маалыматтар чыкты. Биз алардын баарын тактап, туура маалыматтарды берип жатабыз. Кой-Ташта сөөгү табылган дарыгердин өлүмүн да криминалга байлашканга аракет кылышты. Биз ал кылмыштуу окуянын чоо-жайын толук ачтык. 23 жаштагы тиш дарыгери сүйгөн кызына таарынып, өзүн-өзү атып өлтүргөн. Себеби, кыз ага турмушка чыгуудан баш тарткан. Сөөктүн жанынан “Малевич” арагы табылган. Ал аракты кайсы дүкөндөн, кайсы учурда алганы да камерага тартылып калган. Кыскасы, биз баарын тактадык. Ал эми өзүн аткан тапанча болсо 2005-жылдагы революцияда Жалал-Абад шаарында баш аламандыктарда жоголгон милициянын тапанчасы болуп чыкты. Негизи өздөрү түпкүлүгү ошол тараптан болот.

Маектешкен: Айбек Шамшыкеев

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: