Menu

Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы абалга түшүндүрмө берди

Бөлүшүү:

Казакстандын Финансы министрлиги кыргыз-казак чек арасындагы абал тууралуу түшүндүрмө берди. Маалыматка ылайык, чек арада жүк ташуучу автоунаалардын өтө албай турганына алардын текшерүүдөн өтүүгө каршы чыгып жатканы себеп болууда.

«27-марттан баштап кыргыз-казак чек арасындагы «Карасу» өткөрмө бекетинде кытайлык жана түркиялык товарларды ташып бараткан 9 транспорттук автоунаа текшерүүдөн өткөрүлүп, бирок алардын баарынын товарды коштогон документтеринде туура эмес маалымат көрсөтүлгөн. 27-марттан бери 40 жүк ташуучу автоунаа өз ыктыяры менен документтерин тууралап келүү максатында кайра артка кайткан. Ошол эле учурда кыргызстандык товарлардын баары визуалдык текшерүүдөн өтүп, алардан эч кандай эреже бузуу байкалган эмес» деп жазылган Казакстандын Финансы министрлиги тараткан маалыматта.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек -Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги 19-марттан тартып пайда болгон.

Маалыматка караганда, казак тарап текшерүүнү күчөтүп, бир саатта 4-5 жүк ташуучу автотранспортту өткөрүүдө. Текшерүү күчөтүлө электе аталган посттон күнүнө 300дөн 400гө чейин жүк ташуучу автоунаа өтүп турган.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: