Белоруссиянын кыймылсыз мүлк тууралуу Realty.tut.by басылмасы качкын Курманбек Бакиевдин Минск шаарында курган үйүнүн сүрөтүн жарыялады. Жакында К.Бакиев «Свобода» радиосу менен болгон маегинде 5 жылдан бери куруп жаткан үйүнө ушул жазда көчүп кире турганын айткан. Анын үйү Лебяжий кичи районунда (мурунку Ржавец айылы) аткаминерлер менен спортчулар жашаган аймакта жайгашкан.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ