«Кырк чоро» кыймылынын өкүлдөрү 8-мартта Бишкекте жүрүш өткөргөндөргө карата Башкы прокуратурага арыз жазышты. Бул тууралуу аталган кыймылдын жетекчиси Замирбек Көчөрбаев билдирди.
«8-март күнү болгон окуяга прокуратура юридикалык баа беришин каалайбыз. Сексуалдык азчылыктардын өкүлдөрү тарабынан айтылган лозунгтар экстремисттик мүнөздө деп эсептейбиз»,-деди Замирбек Көчөрбаев.
«Кырк чоронун» лидери 13-мартта Бишкекте ЛГБТ-өкүлдөрүнө жүрүш өткөрүүгө уруксат бергендерди ээлеген кызматынан бошотуу талабы менен митинг өткөрүүнү көздөөдө.
«Бүгүн митинг өткөрүү тууралуу билдирүүмдү мэрияга бердим. Андан сырткары, мени милицияга чакырышып, суроолорду беришти, бирок аңгемеден кийин коё беришти»,-деп кошумчалады Замирбек Көчөрбаев.
Ал кармалгандыгы тууралуу маалыматты четке какты.
Эске салсак, 8-март күнү Бишкекте айымдардын укуктарына арналган жыл сайын өтө турчу жүрүш болуп өткөн. Акциянын кээ бир катышуучулары ЛГБТ өкүлдөрүнүн колдоого чакырган плакаттарды алып чыгышкан. Шаар башкармалыгы адегенде феминистерге жүрүш өткөрүүгө тыйуу салган, бирок кийин кайра уруксат берген. Иш-чарада бей өкмөттүк уюмдардын, ЛГБТ өкүлдөрү жана саясатчылар катышкан. «Кырк чоро» кыймылынын өкүлдөрү жүрүштү өткөрүүгө уруксат берген калаа башчы Азиз Суракматовдун отставкасын талап кылышкан.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ