Menu

Болот Шамшиев: “1916-жылы эч кандай көтөрүлүш болгон эмес, орус бийлиги түстүү кыргыздарды сүрүп чыгып, Ысык-Көлдү “ак адамдардын зонасына” айланткысы келген”

Бөлүшүү:

СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, СССРдин Эл артисти, кинорежиссер Болот Шамшиевдин “5-каналга” берген интервьюсунан үзүндү жарыялайбыз:

Болот Шамшиев: Кыргыз менталитети боюнча ызы-чуу, жаңжалды сүйбөйт. Кыргыз менталитети дайыма татаалдашкан кагылышууларды жумшартууга, жымсалдоого аракет кылат…

Нарын Айып: Кыргыздарды агрессивдүү деп калышат го?

Болот Шамшиев: Болбогон сөз. Мунун баары орус колонизаторлорунун ойлоп тапканы. Мен бул боюнча так айта алам. Бардык документтерде, архивдердин материалдарында кыргыздардын жооштугун, жаңжалды сүйбөгөнүн белгилешет. Мисалы, генерал Корольков 1916-жылы сотко көрсөтмө берип жатып, кыргыздар менен тоо аралап, 10 миң чакырымдан ашык жол жүргөнүн, аны коштоп жүргөн жумушчу кыргыздардын биринин да жаман көз менен караганын байкабаганын айткан. Алтургай бир да агрессивдуу ишараатты көрбөгөн. Бизге ишенбесе да орустар Корольковго ишенишер.  1916-жылы Жети-Суулук орус-казактарга жергиликтүү орустар да каршы чыгышкан. Акыркы тарыхый изилдөөлөр боюнча, мисалы, окумуштуу Шварцтын эмгектери, Данияр Санжаровдун фонду 3 жылдан бери архивдерде олтуруп, ат көтөргүс маалыматтарды көтөрүп чыкты.  Ал боюняа 1916-жылы эч кандай көтөрүлүш болгон эмес. Көтөрүлүш деген бул большевиктердин эле ойлоп тапкан терминологиясы. Мунун баары атайын уюштурулган чагым болгон. Орус падышасынын кыргыздарды тыл жумуштарына тартуу боюнча указы да чагым катары уюштурулган. Жети-Суу губерниясынын бийликтери коррупциялык максаттарда уюштурган чагым болгон. Хожентте жана Казакстанда тыл жумуштарына барабы же барбайбы эч кандай массалык өлтүрүүлөр болгон эмес. Ал эми Кыргызстанда 1916-жылы массалык адам өлтүрүү болгон да. Болгондо да эң тынч жаткан калкты кырышкан. Генерал Куропаткин мунун баары чагым экенин билген эмес. 1916-жылдын 25-июнундагы орус падышасынын тыл жумуштарына мобилизациялоо тууралу указы гиганттык чагым экенин түшүнбөгөн. Чындыгында орус бийлиги Ысык-Көлдү кыргыздардан тазалап жаткан. Орус бийлигинин 1916-жылдын 16-октябрындагы указы менен Ысык-Көл котловинасы “ак адамдардын зонасына” айланыш керек болчу. Ал жерде бир да кара түстөгү эл калбаш керек эле. Бул расисттик чечим болгон. Орус бийлиги Жети-Суу аскер бөлүгүнө Ысык-Көлдү белек кылып берүүгө даярдаган. Ысык-Көл котловинасында 5 орус-казак станицасы түзүлмөк. Мунун авторлору Фальбаум, Покатило, Бычков жана уезддин начальниги Ивановдор болушкан. Мунун баары эбак далилденген. Мындай массалык өлтүрүүлөр Ысык-Көлдөн кыргыздарды сүрүп чыгып, бул котловинада опиум зонасын түзүү максатын көздөгөн. Мен бул теманы изилдөөгө бүт өмүрүмдү арнадым: “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, “Бөрү зындан” фильмдерим ушул тема эмеспи. Азыр бул темада роман да жазып жатам. Алгач, жаш кезимде мен бул – Ысык-Көлдө опиум өстүрүү советтик долбоор экен деп ойлогом. Кийин большевиктер бул долбоорду орус падыша бийлигининен эле көчүрүп алышканын түшүндүм. Ысык-Көл котловинасында жабык опиум зонасын түзүү – бул революцияга чейинки долбоор экен. Даяр долбоорду автоматтык түрдө совет мезгилинде ишке ашырышкан.

…Чындыгын айтканда накта улуттук геноцид болгон! Муну моюнга алыш керек…

Кыргызчалаган: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: