Menu

Калаа башчы Азиз Суракматов “Нарын” рестораны бузулганына өкүнөт

Бөлүшүү:

Бишкектин мэри Азиз Суракматов “Нарын” рестораны бузулганына қкүнқт, жана аны калыбына келтирүүгө үмүттөнөт. Анын айтымында, ал жайгашкан жер бир адамдын жеке мүлкү болуп саналат.

“Мен мурунку мэрдин чечимине пикир келтире албайм. Эгерде жердин кожоюну сүйлөшүү жүргүзүүгө  каалоосун билдирсе, биз коллегиялык чечим кабыл алууга даярбыз. “Нарын” мен үчүн архитектуралык эстелик, борборубуздун тарыхы. Анын мурунку калыбына келтиришибиз керек. Албетте, кайрадан жаңы ресторан курууга мэриянын каражаты жок, ал бирок керек деле эмес. Эгерде жердин кожоюну чайхана курууга макул болсо туура болмок,” – деп билдирген калаа башчы.

Ал жер тилке 7 миллион сомго сатылганын белгилүү. Жердин кожоюну мынча каражатты сквер салууга коротоору күмөн, ал эми мэрия болсо буга тең жер тилкесин Бишкектин борборунан таба албайт.

Эске салсак, “Нарын” рестораны 2017-жылдын октябрынын аягында бузула баштаган. Шаардык курулуш кеңешинде “Хуалинь” мейманканасы үчүн башка жер тилке табылаары айтылган. Бишкектин мурунку мэри мейманкана куруунун ордунда ал  жерге жаны кооз сквер салынаарын убадалаган.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: