-“Русгидро” Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Нарын каскаддарына короткон акчаларды Кыргыз өкмөтү төлөп бербесе Эл аралык сотко арыздана турганын билдирди. Буга эмне негиз болуп бере алат?
– “Русгидронун” бизди сотко берип жатканынын негизги себеби өкмөт аралык келишимди Кыргызстан жокко чыгарып жатканы себеп болот. Ошол келишимди түзгөн премьер-министр биринчи жоопко тартылыш керек эле. Экинчи эң биринчи башкы күнөөкөр бул президент. Себеби президент ушул ГЭСтерди курууну макулдашууну баштаган жана ушул келишимден баш тарткан дагы өзү болду. Биринчиден ушунча жылдан бери стратегиялык аймак делген кыргызга эң керектүү ГЭC курулбай калды. Кыргыз элинин мойнуна 37 миллион долларды илгени турат. Эгерде Алмазбек Атамбаев ошончолук көрөгөч болсо келишим түзүп жатканда бир карап, келишимден баш тартып койгондо, документтер менен жакшылап таанышып койсо болмок. Эмне үчүн бир адамдын шалаакылыгынан жалпы мамлекеттин эли карыздарды төлөшү керек? Кыргыз элине башка карыздар аздык кылып жатабы? Эч нерсе жок жерден 37 миллион доллар төлөгөнү жатабыз. Мындай баш аламан саясаттан кийин кайсы инвестор келип биздин ГЭCтерди курат? Эгер колдорунан келбесе токтотуп коюш керек болчу.. Эки жылдан бери ишке ашпаган проектилердин айынан 37 миллион доллар төлөйбүз. Эгер ушул проектилерди ишке ашырып иштегенде азыркы 2 сом 12 тыйындан акча төлөбөйт элек. Ишкерлерге дагы электр энергиясы арзан болуп бизде экономикалык өсүш болгонго аз болсо да мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Мунун баарын көрүп туруп унчукпай койгонго эч кимдин акысы жок. Башка карыздарды мейли, эми жөн эле жок жерден карыздарды мойнубузга үйбөй тынчыраак бийлик жүргүзүшсө болмок.
Булак: “Жаңы ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ