Menu

Грозныйда кармалган Тажикстандык диний партия активистинин кайда экени так белгисиз

Бөлүшүү:

Набиджон Самиев.

Грозныйда кармалган “Тажикстан Ислам кайра жаралуу” партиясынын Согди облусу боюнча мурдагы башчысы Наимжон Самиевдин тагдыры белгисиз.

Human Rights Vision Foundation уюму билдиргендей, Наимжон Самиев 4-декабрда Москвадан Душанбеге экстрадицияланган. Тажик бийлиги бул маалыматты төгүндөп же тастыктаган жок.

Наимджон Самиевдин уулу Ахмадуллонун билдиришинче, атасы 1-декабрда Грозныйда кармалган:

– Биз Чеченстан борборундагы бардык милиция бөлүмдөрүнө чалдык. Бирок ал тууралуу кандайдыр бир маалымат ала албадык. Атам менен бирге Азимжон аттуу айдоочу да кармалган. Бирок аны кийинки күнү коё беришти. Азимжон атамды Ставропольский крайына алып кетишкенин айтты.

Диний партиянын өкүлү негизинен Дагестанда жашап, бизнес менен алектенген.

Наимжон Самиев 2008-2012-жылдары “Ислам кайра жаралуу” партиясынын Согдидеги бөлүмүн жетектеген. Исфарада ага издөө жарыяланбаганын жана терроризмге катышы бар делген кишилердин тизмесинде жок экенин билдиришти.

Бирок диний партия активистинин уулу атасынын кармалышында жана Тажикстанга экстрадицияланышында саясий өңүт бар деп эсептейт.

2015-жылы 29-сентябрда Тажикстан Жогорку сотунун чечими менен “Ислам кайра жаралуу” партиясы террористтик уюм деп табылган. Партия жетекчилиги генерал-майор Абдухалим Назарзода уюштурган куралдуу козголоңго тиешеси бар деп айыпталган. 2016-жылы диний партиянын 14 мүчөсү узак мөөнөткө соттолгон, алардын ичинен экөө өмүр бою эркинен ажыратылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: