Menu

Атамбаевчилер чагымчылдык жасоо менен эмнени көздөшүүдө?

Бөлүшүү:

Экс-президент колунан бийлиги, эл арасындагы аптарыйкаты эчак кеткенин дегеле сезбей койду. Эң жакын делген партиялаштары да андан жүз буруп, партияда үч айым менен жалгыз калганын качан аңдайт болду экен? Бирок антер түрү байкалбайт. Болбой эле 6-апрелге белгиленген съездге даярдык көрүп, жер-жерлерде партконференцияларды өткөрүмүш этип жүрүшөт. Андай партконференцияларга эч ким келбесе да, «Форум» жалдаган жазмакерлер алардын санын көбөйтүп жазып, чоң партиялык иш-чара катары сүрөттөгөнгө аракет кылышууда.

Акыркы Жалал-Абадда өткөрүлгөн конференция да ушундай болду. Ага партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Нурбек Касымбеков, маалымат-катчысы Кундуз Жолдубаева жана “Форумдун” буюртмаларын аткарып келатышкан кесиптештерибиз катышты. Делегаттардан 20дай адам болду. Эч кимге ысык-суугу жок бул иш-чарага көңүл деле бурмак эмеспиз. Бирок бир жагдай көңүл бурууга аргасыз кылды. Дегенибиз, партиянын маалымат катчысы социалдык тармактарга партконференцияны үзгүлтүккө учуратуу аракети болгонун айтын, иш-чара өтчү жерге 3 чакырылбаган жигиттин кирип келген видеосун жарыялады. Бир көргөн адам партконференцияны болтурбай коюуга аракет болуп жаткандай ойлошу мүмкүн. Көрсө, аларды өздөрү атайын уюштургандыгы, ал жигиттер “жалданган” адамдар экендиги маалым болуп олтурат. Сыягы, мындай чагымчылдык аракет менен бийликти жаманатты көрсөтүп, съезддин баркын көтөрүүнү ойлошту көрүнөт…

Баарынан кызыгы, иш-чарага келген 20дай адамдын баары саясий кеңештин мүчөсү Нурбек Касымбековдун тууган-туушкандары экен. Нурбек мырза туугандарына кайрылып, “адам санын көбөйтүп, келип катышып бергиле” деп кайрылса, туугандарынын бир тобу келип, бирок “…бизге жардам керек болуп, Бишкекке барганыбызда, жардам бербей койгонсуң, эми керек болуп калдыкпы, съездиңе катыша албайбыз”- деп сөзгө сөлтүк, кепке кемтик кылып кетип калышыптыр.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: