Бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңеште Акылбек Жапаровдун башкаруу формасы боюнча референдумду 10-январда өткөрүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.
Добуш берүү учурунда 63 депутат катталган.
Алты эл өкүлү: Өмүрбек Текебаев, Рыскелди Момбеков, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев, Альфия Самигулина жана Евгения Строкова каршы добуш берди.
Вице-спикер Мирлан Бакиров мыйзам долбоору көпчүлүк добуш менен кабыл алынганын белгиледи.
Аталган мыйзамдын 1-беренесинде: КРнын бардык аймагында референдумду 2021-жылдын 10-январында жекшемби күнүнө дайындалсын деп айтылат. Ал эми 2-беренесинде бир гана суроо болот: “Сиз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруунун кайсы формасын колдойсуз?” Парламенттик же президенттик?
Эскерте кетсек, өткөн жумада депутаттар кворум чогулта албай, добуш берүүнү кийинкиге жылдырышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ