Кадамжай районуна караштуу Марказ, Масалиев айыл аймагынынын кароосуз калган ээн талааларда жана ошондой эле арык бойлорунда өскөн жапайы кара куурайлар Кадамжай РИИБнүн милиция кызматкерлери жана жергиликтүү өкмөттөрдүн өкүлдөрү менен биргеликте 65 гектардан ашык жер кароого алынып, 5 тоннадан ашууну орулуп, өрттөлүп жок кылынды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирет.
Ошондой эле ушул эле иш-чараны Баткен РИИБнин милиция кызматкерлери да өткөрүп, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик кошундар менен биргеликте Аксай айыл аймагынын Таш-Тумшук участкасынан 1 тонна 300кг, Төрт-Гүл айыл аймагыгын Секиртме участкасынан 1тонна 800кг, жалпысынан 2 тонна 100килограммдай жапайы кара куурай жок кылынды.
Бул жапай өскөн кара куурайды жок кылуунун максаты кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо, ошондой эле жаш жеткинчектерди кылмыш жолунан алып калуу.
МАК-2020 иш-чарасы июнь, июль айларында биринчи этабы өткөрүлүп, экинчи этабы август айынын аяк чендеринен октябрь айларына чейин уланат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ