Бишкекте окуучу кызды машина сүзүп кетип, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Кайгуул милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, окуя кечээ, 17-январда эртең мененки саат 8.15тер чамасында 9-кичирайондо болгон. “Lexus LX 470 машинасынын айдоочусу №4/1 үйүнүн алдынан 2011-жылкы окуучуну сүзүп кеткен. Тез жардам кызматы чакырылып, окуучу кыз шаардык балдар ооруканасына жеткирилген. Бул факт катталып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ