Кыргыз кыздары Кытайдын жарандарына салыштырмалуу Орусиянын жарандарына көбүрөөк турмушка чыгышат. Бул тууралуу өкмөттүн бүгүнкү отурумунда айтылды.
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, 2010-2018-жылдары Кыргызстандын 60 жараны гана Кытайдын жарандары менен мыйзамдуу никеге турушкан, алардын ичинен 45 – этникалык кыргыздар.
Баардыгы былтыркы жылы кыргызстандыктар менен чет элдик жарандардын ортосунда 1 миң 762 мыйзамдык нике катталган.
Алардын ичинен Орусиянын жарандары мнен курулган үй-бүлөлөр 582, Өзбекстандын жарандары менен 409, Тажикстандын жарандары менен 192, Кытайдын жарандары менен 18 үй-бүлө курулган. Андан сырткары башка өлкөлөрдүн жарандары менен мыйзамдуу никеге тургандар 480 адамды түзгөн.
«Кыргызстандын жарандары менен никеге турган кытайлыктардын көпчүлүгү- этникалык кыргыздар. Орусиянын жарандарына тиешелүү дагы ошондой болуш керек деп ойлойм. Белгилүү болгондой, биздин көптөгөн мигранттарыбыз Россия Федерациясынын жарандыгын алышкан, алар бул жерге үйлөнүү максатында келишет»,-деп билдирди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ