Menu

Чеченстанда Өзбекстандын алты жараны кулчулуктан бошотулду

Бөлүшүү:

Чеченстанда Өзбекстандын алты жараны кулчулуктан бошотулду. Бул тууралуу кулчулук маселелери менен алектенген «Альтернатива» уюмунун өкүлү Алексей Никитин билдирди.

Анын айтымында, эки өзбек жараны жергиликтүү дыйкандын үйүндө январдан, ал эми төртөөсү марттын ортосунан бери кулчулукта кармалып турушкан. «Алар Чеченстанга иштегени барары менен документтерин алып коюп, оор жумуштарды аткарууга мажбурлашкан. Биринчи барган эки өзбекстандык ооруп калганда аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес. Дыйкан аларды сабап, качып кетүүгө аракет кылышса, өлтүрүп коерун айтып коркуткан. Өзбекстандыктар бекер иштеп, аларга тамак да начар берилген», — деди Никитин.

Анын айтымында, бул тууралуу маалымат интернетке тарагандан кийин жергиликтүү дыйкан өзбек жарандарына паспортторун кайтарып берип, такси менен Краснодарга салып жиберген.

«Коомго белгилүү болуп калгандан кийин кулчулукта кармап турган адамдарды кетирип жиберейин деген окшойт. Бирок аларга эч кандай акча берген эмес. Туугандары жолго деп акча салышкан. Эми алар эртең мекенине кетишет», — деп кошумчалады Никитин.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: