Menu

Жалал-Абад ОИИБси ири көлөмдөгү баңгизаты үчүн кармалган Токтогул районунун жашоочусу сабалгандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбегендигин билдирет

Бөлүшүү:

Жакында, 8-апрель күнү кээ бир  маалыматтык агенттиктерде жана социалдык тармактарда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборуна шилтеме берүү менен милициялар сабаган баланын денесиндеги калган тактарды врачтар катташпагандыгы тууралуу маалымат тараган.

Анда,  Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы баңгизатын сактоо үчүн кармалган Токтогул районунун жашоочусу жолдон сабалгандыгы, врачтар анын денесиндеги жаракаттар жоктугун айтышкандыгы маалымдалган. Ушуга байланыштуу, Жалал-Абад ОИИБси тактоо киргизүү максатында жогорудагы факты боюнча маалымат берет.

1-апрель күнү Жалал-Абад ОИИБдин БМЖКККнын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө Токтогул районунун жашоочусу кармалып, андан ири көлөмдөгү баңгизаты-1 килаграммдан ашык гашиш табылган. Баңгизатын сатуу учурунда  кармалган 1993-жылы туулган Н.А. аттуу жаран ИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин ыкчам ишинде жүргөн. Жогорудагы факты боюнча Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизаттарды, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен сотко чейинки иликтөөлөрүн баштаган.

Шектүү жаран кармалгандан кийин Жалал-Абад ОИИБге жеткирилип, аны жолдон эч ким сабабагандыгын маалымдайбыз. Убактылуу кармоочу жайга камоодон мурда  облустук ооруканадан врачтар Н.А. аттуу жаранды денесинен ар кандай жаракаттардын жоктугун текшеришип, жаракат жоктугу тууралуу тактама берген. Ошондой эле,  соттун чечими менен кармалган жаранга карата  эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.

Убактылуу кармоочу жайга камоо учурунда кармалган жаран эч кандай доосу жок болгон. Бирок, УКЖда кармалганына бир күн өткөн соң гана аны сабашкандыгы тууралуу билдире баштаган. УКЖнын кызматкерлери бул факты боюнча прокуратурага жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча борборуна билдиришкен.  Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун кызматкерлери үчүнчү күнү гана келишкен жана денесинде табылган тактарды тартып каттап кетишкен.

Жалал-Абад ОИИБге жеткирилген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизүүдөн мурда денесинде эч кандай жаракаттар болгон эмес жана ага кыйноолор менен катуу чаралар көрүлгөн эмес.  Кармалган жарандын бул кылыгы кылмыш жоопкерчилигинен качуу катары бааланып жатат жана адаштыруу аракети көрүлүп жаткандыгын белгилейбиз.

Алдын ала маалымат боюнча Н.А. аттуу кармалган жаран 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 164-берене  (Уурдоо) менен 348-беренеси (Документтерди, штамптарды, мөөрлөрдү уурдоо, жок кылуу, зыянга учуратуу, жашыруу) боюнча 4 жылга эркинен ажыратылып, жаза мөнөөтүн өтөп жаткан жана учурда толук жаза мөнөөтүн өтөп бүтө элек.  Мурда шаардык жогорку окуу жайлардын биринде юриспруденция багыты боюнча окуп жатып, баңгизатка байланышкан терс көрүнүшү үчүн окуудан чыгарылган. Андан сырткары, жогорудагы жаран Россия Федерациясынын аймагынан мыйзамсыз иш-аракеттерди жасагандыгы үчүн  издөөдө жүрүп, ал жактан өз өлкөсүнө чыгарылган.

Азыркы учурда баңгизатты сатуу фактысы боюнча сотко чейинки иликтөөлөр жүрүп жатат.  Андан сырткары, билдирме боюнча ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүрүүдө.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Жалал-Абад  ОИИБи милиция кызматкерлердин кыйноолор жана одоно кайрылуулар, укуктук тарбия маселелерине өзгөчө көнүл бурат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: