Menu

2018-жылы кен казуу тармагындагы продукция өндүрүү көлөмү 19,8 млрд сомду түздү

Бөлүшүү:

2018-жылы кен казуу тармагындагы продукцияны өндүрүү көлөмү 19,8 млрд сомду түздү, пайдалуу кенди казуунун көлөмү 2017-жылга салыштырмалуу 8,1 %га өстү, өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү салыштырма салмагы 7,9 %ды түздү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Көмүр казуу 2017-жылга салыштырмалуу 430,9 миң тоннага (23 %га) көбөйдү жана 2,9 млрд сом суммада 2 306,4 миң тоннаны түздү (125,2 %).

2018-жылы чийки нефтини жана жаратылыш газын казуу 4,1 млрд сомду түздү (2017-жылдын тиешелүү мезгилине карата 117,5 %), мында 200 миң тонна нефти жана 27,3 млн м3 жаратылыш газы алынды, өткөн жылга салыштырмалуу көбөйүү – тиешелүү түрдө 18,1 % жана 5 %.

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча металл рудалары 11,9 млрд сом суммасында алынды, өнөр жайдагы салыштырма салмагы 4,7 %ды түздү.

2018-жылы кен казуу тармагынан мамлекеттик бюджетке жалпы түшүүлөр 1 865,0 млн сомду түздү жана 2017-жылга салыштырмалуу 215,6 млн сомго көбөйдү.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: