Menu

Абдыганы Эркебаев, академик, экс-спикер: «Аскар Акаевге кирип, социал-демократиялык партия түзүү оюмду айтсам, ал киши “Ушул багытың туура, аракетиңди уланта бер” деп колдоду»

Бөлүшүү:

-Абдыганы Эркебаевич, алгач 65 жаш курагыңыз менен куттуктаймын.

— Чоң рахмат, Наралы. Мен өзүм юбилейге деле көп маани бербеймин. 50 жашка чыкканымда, андан кийин 60 жаш юбилейимди деле өткөргөн эмесмин. Бул жолу “Кыргыз Туусу” гезитине менин кесиптеш досум Калык Ибраев макала жазып, ага удаа эле Улуттук китепкана “Кечеңизди өткөрөлү” деп кайрылышканда, “Чоң рахмат, мен юбилейге анча маани бербейм, өткөрүү тууралуу планым да жок, өткөрбөйм” дегениме болушпастан, “Биз планыбызга киргизип койдук эле. Сиз бир гана саясий мамлекеттик ишмер эмес, чыгармачыл адамсыз” деп сүйлөшкөндөн кийин алардын сунушун туура көрдүм. Улуттук китепкана ыйык жай, маданияттын, илимдин, билимдин очогу. Ошону да эске алдым. Ошол учурда өзүмдүн бир китебим жарык көрүп калган эле. Анын да бет ачарын кошуп, экөөнү эриш-аркак кылып өткөрүп койдук. Мамлекеттик, саясий иште чогуу жүргөндөр, илим, жазуучулуктагы үзөңгүлөштөр келип куттуктоо сөздөрүн айтып кетишти. Аларга дагы чоң рахмат.

— Сиз мамлекеттик кызматта жогорку тепкичке чейин басып өткөн инсандардын бирисиз. 65 жашка чыкканда, басып өткөн кызматтык жолуңузга көз чаптырып, ушул ишти жасабай эле койсом болмок экен деп өкүнгөн учур болдубу?

— Албетте, өкүнгөн учурларым бар. 65 жылдыгымдын эсеп-кысабын чыгарып коёюн деп эки китеп даярдадым. Бири “Адабият жана илим дүйнөсүндө” деп аталды. Экинчисин “Азаттыктын азаптуу жолу”, орусчасын “Тернистый путь независимости” деп атап, эки тилдеги чоң китебим буйруса жакын арада чыгып калат. Ошондо акыр жагында “Саясаттагы жылдар” деген бөлүмдө өзүмдүн басып өткөн жолума көз чаптырып, жакшы иштерге аралашканымды, аягында өкүнгөн кандай жагдайлар бар экенине токтолдум. Адам өзүнө сын көз менен карай билүүсү зарыл. Айрыкча, башка бирөөнү сындоодон мурун өзүңдү-өзүң сындаганды билишиң керек. Ошол суроого өзүң жооп бере аласыңбы?- деген суроону өзүңө коё билүү кемчилик болбойт. Кесибим адабий сынчы болуп башталгандан бери эле өзүмө ушундай суроо коюп келем. Өкүнгөн учурлар деп 2–3 жагдайды белгиледим.

— Сизди сабырдуу, токтоо саясатчы деп билебиз. Саясатка аралашкан жаш кезиңизде бирөөгө катуу айтып, тартынбай алдыга чыккан курчтук болгонбу?

— Мен жаш кезимде мектептен тартып, саясатка аралашканга чейин абдан курч, аябай өткүр болчумун. Муну көпчүлүк эле билет. Айрыкча чыгармачылыкта адамдын атак-даңкына карабастан Аалы Токомбаев, Түгөлбөй Сыдыкбеков, акыры Чыңгыз Айтматовго чейин чыгармачылыгындагы айрым бир кемчиликтерин тартынбастан түз айтчумун. Өзүмдүн устаттарым Асаналиев, Жигитов, Бобулов, Даутовдорго да катуу тийип алчу элем. Саясатка киргенде дагы ошондой курч болуп, Борбордук комитеттин жыйындарында, айрыкча кайра куруу учурунда Москвадан “десант” болуп келгендер Абсамат Масалиевге дагы тизгинди көп беришпей бийлешкен Семенов, КГБнын башчысы Рябоконь дегендер менен болгон жолугушууларда дагы катуу айтып, өзгөчө кыргыздын тарыхы, мурас маселелери, Тыныстанов, Молдо Кылыч, Молдо Нияздарга жол беришпегенине токтолчумун. Москвада жүргөнүмдө ошол адамдар тууралуу изилдегем. Мамлекеттик тил маселесинде дагы талаш-тартыш болгондо, түз беттерине айтып, айрыкча кыргыздын жумушчу кадрларына көңүл бурулбай, негизинен эле башка жактан кадрлар келгенине, өзүбүздүн жаштар өспөй жатканын мисал келтирип, “Ашар” кыймылын колдоп, Абсамат Масалиевге чейин түз пикиримди айтып жүрдүм. 90-жылы парламенттин депутаты болуп калдым. Биринчи сессиядан тартып эле 350 депутаттан саналуу эле депутаттар катуу чыкканбыз. Абсамат Масалиевге “Сиз президент болуңуз” деп айтканбыз. Себеби, жаныбыздагы Казакстанда, Өзбекстанда президент болуп калышкан эле. Масалиев “Болбойт” деп туруп алган. Эски доордон кетели, өзүбүзчө мамлекет бололу деген сунуштар айтылган. Топчубек Тургуналиев, Жыпар Жекшеевдер чыгышты. Алар менен бирге болуп, КДКны түзгөндөрдүн башатында болгондордун бири болдум. Адам өзүнүн жашына жараша бара-бара көп нерсени көрүп, аралашып токтолот да. Турмуш деген татаал. Сен көрүп турган нерсенин себептерин, жолдорун табыш керек болот. Көбүнчөсү адам чукулап, сындай бербестен, жаратмандык жагына оошу керек. Сын биринчи этап. Айтылган нерсени чечүүнүн жолдорун издөө, келечекке умтулуу, жакшы нерсе жаратуу негизги маселе. Мен дагы бара-бара ушуну түшүнүп, токтоолукка, сабырдуулукка, маселени чечүү жагына көңүл бура баштадым. Ал үчүн саясаттан 1–2 жолу сокку жедим. Ошто иштеп турганымда өлкөдөгү регионалдык саясат туура болбой жатканын, тарыхый, географиялык, маданий шарттардан улам түштүк аймак артта калганын экономикалык, социалдык, илим-билимин, маданиятын мисал келтирип сүйлөп чыкканымда, президент Аскар Акаев менен пикир келишпестик жаралды. Өзгөчө кош палаталуу парламент түзөбүз деген демилге менен баардык облустардын губернаторлорун Ысык-Көлдө чогулткан учурда, андан кийин өзүнүн кабинетинде каршы чыккам. Кыргызстан унитардык өлкө, бизге кош палаталуу парламент туура келбейт. Ал федеративдүү өлкөлөрдө, экономикасы күчтүү бай мамлекеттерде болот. Биз чакан өлкөбүз, финансы дагы тартыш. Мындай шартта өтө сыйымдуу аз сандагы бийлик керек. Парламентаризмдин энеси делген Англияда, андан кийин АКШда Конституциялык сот деген жок. Болгону Жогорку сот эле бар. Ушуну мисал келтирип, бир эле сот болсун деген ойду айткам. Президент менен Өкмөт иштеп жатат. Биз президенттик же өкмөт башкарган бийликке өтөлү. Эки баштуу бийлик болбосун дегенди дагы айтып чыккам. Ушундан улам саясий сокку жегем.

— Андан кийин Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келбедиңизби. Бийлик башында турган Аскар Акаев тарабынан шайлоо учурунда Эркебаевди өткөрбөгүлө деген буйрук берилген эмеспи?

— Ош облусунан депутаттыкка койбойсуңбу деген сунуш түштү. Депутаттыкка койгонумда такыр өткөрбөйбүз деген саясат жүргөндө, Кыргызстандын баардык тарабынан баргандар мени колдошкон. Өмүрбек Текебаев дагы өзү биринчи турда утуп чыгып, Лейлекке барып мени колдогон. Элдин колдоосу менен депутат болуп келдим. Ошондо биринчи жолу сокку жедим. Саясаттын ой-кырлары баштан өттү. Андан кийин аябай көп китеп окудум. Мурун негизинен адабияттын тарыхын окусам, сокку жегенден кийин Ыйык китептер Куран, Библияны биринчи жолу окуп чыктым. Улуу адамдардын өмүр баянын окудум. Куранда, Библияда дагы сабырдуулук тууралуу айтылат. Кыргызда “Сабырдын түбү сары алтын”, “Ачуу-душман, акыл-дос” дейт. Ыйык китептер менен элибиздин макал-лакаптары мага чоң таасир берди. Махатма Ганди менен Франциянын улуу президенти Де Голлдун өмүр баяны, алардын токтоолугу мага абдан жакты. Черчиллдин кыйын шарт болсо дагы аны көтөрө билүү, жеңилип баратсаң дагы өзүңдү-өзүң кармап, токтоолук менен жолун издеп, кайра көтөрүлүп чыгуу идеялары чоң таасирлентти. Ошондон баштап мен дагы сабырдуулук, токтоолук менен мамиле кыла баштадым. Бул эми жакшы жагы. Кээде көрүп турсаң дагы мамлекеттик кызматта, бийликте жүргөндөн кийин аны кандай жерде айтышты билиш керек. Жогорку Кеңеште эки жолу төрага болуп жүрбөдүмбү. Эл өкүлдөр палатасында, кийин мыйзам чыгаруу палатасында төрага болдум. Ал убакта парламенттин ичиндеги оппозиция абдан күчтүү болчу. Улуу инсандар депутат болуп олтурушкан. Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиевдер менен иштештим, аларга төрага болдум. Жаш курч жигиттер Адахан Мадумаров, Ишенбай Кадырбеков, Исмаил Исаков, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Турсунбай Бакир уулуна окшогон азаматтар оппозиция эле. 60 депутаттын үчтөн бири накта оппозициядагылар болчу. Бийликти колдогондор көпчүлүктү түзчү. Ошолордун ортосунда көпүрө болушка аракет кылдым. Ортодогу балансты кармап, чыр-чатаксыз чыгып кетүү жетекчинин мыктылыгы да. Өкүнгөнүм радикалдуу кадамга бара турган мезгилде дагы токтоолук кылып, өлкөнүн кызыкчылыгы деп андай кадамга барган жокмун. Бийликте турган адамдар бири-бири менен тил табышып, ынтымакта болуусу шарт. Андай ынтымак болбосо элдин ынтымагын сөз кылуунун кажети жок болот. Ошондой шартта жумшактык кылып койдуң дешип айтып калат. Мен атайлап, ичимден миң жолу ойлонуп, ошондой кадамдарды жасоого туура келген. Эл өкүлдөр жыйынында 70 депутат болсок, Үсөн Сыдыков, Мамат Айбалаев, ыраматылык Баяман, Камчыбек Кудайбергеновго окшогон атактуу 9 депутатка кылмыш иш козголгон. Ушул маселени кантип чечүү керектиги жөнүндө канча ойлондум. Башкы прокурор, президент менен сүйлөшүп, бул ишти камакка жеткизген жокпуз. Аларга чарбалык иштер боюнча кылмыш иш козголгон эле. Мен “Элибиз жалаң кылмышкерлерди депутат кылып шайлады беле? Эмне үчүн бул көрүнүш башка өлкөлөрдө жок?” деп кайрылуу жасадым. Президент менен кайым айтышууга туура келди. Ал эми мыйзам чыгаруу жыйынында Азимбек Бекназаровго байланышкан окуя эң кыйын кырдаал болду. Кыргыз-Кытай чек арасынын айынан ушул иш чыгып, андан кийин Аксы окуясы болуп кетти. Ал учурда дагы кандай гана конфликттер болгон жок. Кыргыз-Кытай чек ара маселесинде Акаевди колдодум. Бүгүнкү күнгө чейин бул чечим туура болгон деп эсептейм. Ушул маселе туура эмес болду деп чыккан Азимбек Бекназаровду камоо мыйзамсыз болгон. Муну биринчи күндөн баштап эле айтып жүрдүм. Бул маселеде Бекназаров, аны мыйзамсыз камады деген эл тарапта болдум. Кээ бирөөлөргө окшоп чабышсам мен деле эл алдында баатыр болмокмун. Кызмат талашып чыкмакмын. Мен эч убакта өзүмдүн кызыкчылыгым үчүн мансапка умтулбайм. Элим тынч болсо ошол байлык.

— Бекназаров Жалал-Абадда камалып жатканда парламенттин төрагасы катары барып келүүнү өзүңүз пландагансызбы?

— Азимбек Бекназаров Жалал-Абадда камалганда, облус губернатору Султан Урманаев болчу. Ал киши менен эл өкүлдөр жыйынында чогуу депутат болгонбуз. Султан Урманаевге Азимбекке барып кабар алып коёлу, бул биздин адамдык парзыбыз, өзүбүздүн кесиптешибиз деп телефон чалгам. Жалал-Абадга барып, Бекназаров камалып жаткан СИЗОго кирип, чакан чай-чакабызды берип, абалы менен таанышып, сүйлөшүп, жазып берген катын алып келгем. Бул менин принцибим. Адамдын башына кыйынчылык түшкөндө кабар алыш керек. Мен жаман учурда адамды эч убакта таштап койбойм.

— Өзүңүз Бекназаровдун камалышы президент Акаев тарабынан болгонун айттыңыз. Президенттин буйругу менен камалган депутаттан барып кабар алып келгениңизде, президент тараптан ык көрсөтүү болгон жокпу?

— Ык көрсөтүү болгон жок. Бирок, президент тараптан терс мамиле болду. Андан мурун дагы эл өкүлдөр жыйынында депутат болуп турганымда аябай каралашты. Барскоондо “Кумтөргө” бара жаткан цианид төгүлүп чуу чыкканда, Абсамат Масалиевди жаныма алып, кыдырып келгенибизден кийин жыйындарда караганыбызда катуу сүйлөп чыккам. Ошондо өкмөттүк гезиттер аркылуу каралоого катуу аракет көрүшкөн. Мыйзам чыгаруу жыйынында мага карата саясий, психологиялык кысымдар болгонун депутаттар жакшы билишет. Анын бир мисалын сага айтып берейин. Муну биринчи жолу айтып жатам. Аксы окуясынын 40 күндүгүн өткөрүү боюнча мыйзам чыгаруу жыйыны токтом кабыл алып, Өкмөткө тапшырма бергенбиз. Өзүм дагы барамын деп машинамды камдап, жардамчым менен эртең менен эрте чыга турган болуп жаткам. Кечинде президент Аскар Акаев чакырып калды. Барсам “Аксыга барганы жатасызбы?” деп сурап калды. Ал кишиге да Аксыга бара турганым жеткен экен. Ошондой оюм бар, 40 күндүгүн өткөрүү боюнча токтом кабыл алдык. Катышып коюшум керек дедим. “Сизди зордоп айта албайм. Барбай эле койбойсузбу. Саясий жактан кандай кабыл алынып калат?” деди. Кантсе дагы ал киши мамлекет башчысы. Анын сөзүнөн кийин Аксы окуясынын 40 күндүгүнө бара албай калгам. Ушул ишке өкүнөм. Мен деле барам деп уруп кете берсем болмок. Анда президент экөөбүз чабышмакпыз. Аксы окуясы болгон Боспиек айылында эстелик тургузулбадыбы. Ошол окуяда бардым. Алмазбек Атамбаев дагы ал кезде оппозиция болуп, Акаев менен мамилеси жок болчу.

— Атамбаевди Боспиекке сиз алып баргансызбы?

— Ооба, чогуу барганбыз. Кетип жатып Токтогулда түнөгөнбүз. Тайырбек Сарпашев бизде депутат болчу. Ошонун үйүндө болгонбуз. Жай мезгили болчу. Күн ысып турган мезгил эле. Ошондой аба ырайында менин кан басымым кээде көтөрүлүп калат. Кербенге барсак акимчиликтин алдында өкмөттүн биринчи орун басары Курманбек Осмонов, облустун губернатору Жусупбек Шариповдор кооптонушуп турушкан экен. Эмне болуп жатат?-деп сураганда, “Кырдаал курч, эл нааразы абалда” дешти. Келгенден кийин баралы деп баштап бардык. Боспиекке баратканда Аксы эли колонна-колонна болуп тизилип, абдан тартиптүү кетип жаткан экен. Бирок, ураандарында өтө аша чапкандар бар экенин көрдүм. “Акаевге өлүм” деген жазуулар арасында жүргөн. Адамдын саясатын сындаса, каршы чыкса болот. Керт башына асылып, ар кандай сөздөрдү айтыш туура эмес. Боспиекке барганда кан басымым көтөрүлүп кетти. Эл менен учурашканга үлгүрдүм. Ушуну менен өз парзымды өтөдүм деп эсептейм. Бирок, митингге катыша алганым жок.

— Эгемендүү мамлекет болгонубуздан кийин эле саясий партияларды түзүү иштери кызуу жүрбөдүбү. Сиз ошол мезгилде эле бийликте министрлик кызматтарда жүрдүңүз. Саясий идеологияны колдогон партияңызды түптөөгө кызыккан жоксузбу?

— Партия деген бир киши үчүн түзүлбөшү керек. Бул менен принципиалдуу позициям. Партия деген саясий уюм. Түпкү максаты эл, мамлекет үчүн кызмат кылып, бийликке келиш. Мен деле убагында партия тууралуу өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн ойлонгом. ГКЧПдан кийин Компартияга тыюу салынды. 91-жылы министр болсом, 92-жылы февралда социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр болдум. Анда эски психологиялык түшүнүк менен социалдык вице-премьер идеология боюнча катчы сыңары кабыл алышчу. Мамлекеттик идеология иштеп чыгуу маселелери коюла баштады. Менин ушул күнгө чейинки позициям эч кандай мамлекеттик идеология болбошу керек. СССРдин тарыхынан көрбөдүкпү. Мамлекеттик идеологияны таңуулаган жерде адамдын эркиндиги болбойт. Тоталитардык түзүлүш болуп калат. Мамлекеттик идеология – Конституция. Ошондо өзүбүздүн тандаган жолубуз жазылган. Россиянын 1992-жылы декабрда кабыл алынган Конституциясында “Россия Федерациясында мамлекеттик идеологияга жол берилбейт, тыюу салынат” деп жазылган. Батыш өлкөлөрүндө Конституция менен жашайт. Мен дагы ошол багытты колдойм. Партиянын жөнү башка. Ал саясий уюм болгондуктан, өзүнүн жолун тандап, ошого элди ишендирип алып кетет. Ушул темада бир жылдай ойлондум. 93-жылы январда атайын эки жумага эмгек өргүү алып, Ысык-Көлгө барып ойлонуп, акыркы чечимди алайын дедим. Кыргызстан үчүн эң ыңгайлуусу реформа жолу экенине ынандым. Бул социал-демократиялык партиялардын жолу. Социал-демократтар 19-кылымдын орто ченинде Карл Маркс менен Энгельстин убагында эле пайда болгон. Алар да башында социал-демократ болушуп, манифест жазгандан кийин бүтүндөй Европа коммунисттик жана социал-демократиялык болуп эки ажырым болуп кетишкен. Германия, Австрия, Скандинавия өлкөлөрүндө реформа жолун – социал-демократияны тандашкан. Мен дагы дүйнөлүк тажрыйба деп ушул жолго токтолдум. Экинчиден, биздин чыгыштын менталитетине ылайык жамааттык жол деп туура келди. Социал-демократиялык партия элди социалдык жактан коргой турган платформада иш жүргүзөт. Бей-бечараларды колдоп, ашынып кеткен байларды токтотуп, аларга көбүрөөк салык салып, бюджетке салым кошо турган жолду ушул партиялар ишке ашырат. Мен вице-премьер болгондуктан президент Аскар Акаевге кирип, социал-демократиялык партия түзүү оюмду айтсам, ал киши “Ушул багытың туура, аракетиңди уланта бер” деп колдоду. Өзү башында турган жок. Каршы дагы болбоду. Өзүм жакын санаган адамдар, саясатчылар менен кеңеше баштадым. Алсак, Ишенбай Кадырбеков, Кулубек Бөкөнбаев, Мукар Чолпонбаев, Жумабек Ибраимовдор менен акылдаштым. Ал убакта кабинетим Ак үйдүн жетинчи кабатында, премьер-министрдин жанында болчу. Жумуштан кийин же болбосо бош убакыт болуп калган учурда социал-демократиялык партия түзүү боюнча кеңеш өткөрө баштадык. Абсамат Масалиевге дагы коммунисттердин революциялык жолунан кайтып, чогуу партия түзсөк жакшы болот эле деп кайрылдым. Ал киши коммунисттик идеологияга берилген адам болгондуктан, менин идеямды ылайык көргөн жок. Андан кийин өзүбүзчө партия түзүүгө аракетибизди көрдүк. Бара-бара эл көбөйө баштады. Мен вице-премьер болуп партия түзүп жаткандан кийин губернатор, акимдер биздин партияга киребиз деп чыгышты. Аларга бул кызмат үчүн эмес, идеологиялык платформа, саясий жол үчүн түзүп жатабыз деп айттым. Азыр деле ошондой эмеспи, ким бийликте болсо ошого ыктай беришет. Азыркы Жогорку сот олтурган имарат ал убакта Жазуучулар союзунун имараты болчу. Мен деле жазуучулардын чөйрөсүнөн чыктым да. 93-жылы июнь айында жазуучулардын чоң залында биринчи уюштуруу жыйынын өткөргөнбүз. Чоңдор өздөрү үчүн партия түзүп жатат деген сөз болбосу үчүн залда эле олтургам. Социал-демократиялык партия Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Ал мезгилде министр ыраматылык Усуп Мукамбаев болчу. Ошол киши каттап, каттоо кагазын мага салтанаттуу тапшырган.

— Социал-демократиялык партиянын азыркы лидери Алмазбек Атамбаев сизди колдогондордун арасында болгонбу? Ал киши менен ошол учурда эле тааныштыгыңыз бар беле?

— Мени колдогон адамдардын арасында Алмазбек Атамбаев дагы бар болчу. Аны менен 1970-жылдардын экинчи жарымында Москвада окуп жүргөндө таанышканмын. Мен алгач стажёр, андан кийин аспирант болдум. Ал болсо Серго Орджоникидзе атындагы башкаруу институтунда окуучу. Таанышып калганыбыз дагы адабияттын тегерегинде болгон. Атамбаев дагы адабиятка кызыгып, ыр жазат экен. Орусча, кыргызча мыкты билип, котормого кызыккан жаштардан болчу. Ошол учурда ыраматылык Эгемберди Эрматов, Өскөн Даникеевдер дагы окуган. Баарыбыз адабият тегерегинде жолугуп, чогуу чай ичип сүйлөшүп жакын болуп калганбыз. Ошондон бери Алмазбек Атамбаев менен мамилем үзүлгөн эмес. Мен министр болгонумда дагы кол үзбөдүк. Ал “Форумда” олтурчу. Кирип-чыгышып эле жүрчүбүз. Менин идеямды ал дагы туура көрүп колдоп, чакан топтун активдүү мүчөлөрүнөн болгон.

— Социал-демократиялык жолду тандаган партияны каттоодон өткөргөн соң, аны алгач ким жетектеди? Өзүңүз жетекчи болгонго кызыккан жоксузбу?

— Уюштуруу жыйын өткөн кезде 7 адамдан турган теңтөрагаларды шайлаганбыз. Алардын ичинде Кадырбеков, Бөкөнбаевдер болгон. Бирөө координатор болсун деп Жумабек Ибраимовду шайлап алганбыз. Ошол жыйындан кийин мен Ош облусуна аким болуп кеттим. Жалал-Абад облусунда Абдыжапар Тагаев болчу. Ал дагы биздин партиянын мүчөсү болгон. Күзүндө Ош шаарында жыйын өткөзгөнбүз. Бул жактагылар барышкан. Андан көп өтпөй Жумабек Ибраимов Бишкек шаарына мэр болуп калды. Бишкектин мэри дагы чоң кызмат. Эртеден кечке чарбалык иш менен алектенип, партияга убактысы болбойт. Ошондон кийин мамлекеттик кызматка көз каранды эмес, жаш деп Алмазбек Атамбаевди партиянын координатору кылып дайындаганбыз. Сага аппарат жагынан Акылбек Жапаров жардам берет деп аны жооптуу катчы кылганбыз. Акылбек 90-жылдардагы окуяларда абдан активдүү болуп, Абсамат Масалиевге самолётто каяша айтып чыккан жаштардын алды болгон. Мен ошол окуяны эстеп калдым эле. Кийин вице-премьер болгонумда аны издеп таап, Өкмөттүн аппаратында биринчи жолу жаштар менен иштөө бөлүмүн ачып, ага бөлүм башчы кылгам. Ошентип Алмазбек Атамбаев координатор, Акылбек Жапаров жооптуу катчы болуп иштеп калышты. Кийин Атамбаевдин шарты болуп калды. “Форумга” ээ болду, “Автомашты” менчиктештирип алды. Германияга чейин барып, партиялык билеттерди биринчи жолу чыгарып келген. Менде ушул күнгө чейин №4-билет сакталуу бойдон турат.

Маектешкен

Наралы Асанбаев

Уландысы кийинки санда

Булак: “Жаңы ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: