Menu

Ырысбек Өмүрзаков, журналист: “Россия АШАны колдобойт”

Бөлүшүү:

-Бийликке талаптар коюлуп келген да, дагы эле коюла берет. Митинг уюштуруучулардын максаты эмне деген суроо деле жаралбайт. Анткени, азыркы оппозиция кайра бийликке келиши керек. Аны эл түшүнүп эле калды. “Митингчилердин артында ким болот?”- деген суроо да пайда болушу мүмкүн. Аны да четке какпаш керек. Бир жагынан, Бакиевди өз алдынча саясат жүргүзүүнүн аракетинде болгондугу үчүн, аны «жайлап», Россия Атамбаевди бийликке алып келгени эми ачыкка чыга баштады. Бирок, азыр Россия АШАны колдобойт. Оорулуу немени эми колдогондон коркушат. 2010-жылы АША жана АШАчылар чектен чыгып кеткени далилденди. Оппозиция болобу, пропозиция болобу, баары эле бийликте болуп, кайра оппозицияга өткөн ичип-жегичтер экенин эл билип эле турат. Бийлик, байлык үчүн оппозиция да, бийлик да, митинг болсо чектен чыгып, кайра кан төгүлүшү мүмкүн. АША “жеңүүчүлөрдү сындабайт да, соттобойт да”- деген сөздү пайдаланышы мүмкүн. Уят-сыйыттан кеткен немеге элдин каны, апрелчилерге союп берген жылкынын канындай эле болуп калган. Мунун баарын, Атамбаев акча каражатын аябастан каржыласа уюштуруучулар байып, карапайым элдин каны төгүлөт. Деги эле, акча каражат маселени чечип коюшу мүмкүн. Кекчил, канкор Атамбаев элден уурдаган акчаларын аябайт. Кээ серепчилер “Текебаев чыкса АШАнын азабын колуна берет”,- деген ойлорду айтышат. АША менен Текебаев бир камырдан жуурулган саясатчы. Элдин канына жуурулуп калышкан. Бирок, ал да Атамбаевдей кекчил адам, балким кайсы бир деңгээлде аны бийлик пайдаланса болот. Бирок, кандайдыр бир деңгээлде. Эми Кыргыз Республикасында өз активдүү саясатын АКШ да жандантышы мүмкүн. Бирок, Кыргыз бийлигинин кийинки мезгилде “ляппай, эмнебизди эми бекер берели?”- деп Россиянын алдында бүжүрөп, жугунуп тургандарын көрүп туруп, азырынча түзмө түз кийлигишпесе да бир аз алысырак болот. Бирок, НПОлорду каржылайт… Эми күн жылыса көрөбүз да.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: