Буга чейинки президенттердин бирине да кошомат кылбадым эле, бүгүн парламенттеги КР Президентинин сүйлөгөнүн угуп, эми бу кишиге ачык эле кошомат кылайын дедим эй!
1. Жалпы тармактарды санариптик системага өткөрүп, электрондук технологиянын артыкчылыктарын колдонуу менен гана коррупциянын жолун кыскартуу мүмкүн экенине маани берди.
2) Илим-билим, маданиятка көңүл буруу зарылчылыгына токтолуп, саясатка өнтөлөп өпкө-жүрөгүбүздү чаппайлы деген чакырык таштады.
3) Региондорду интернет менен камсыздоо мезгилине маани бергенине көңүлүм жылыды.
Сөздүн кыскасы, коомго приоритеттүү баалуулуктарды жайылтуу мезгилинен артта калбайлы дегени чоң мааниге ээ.
Айтор, прогресске үндөгөн ажонун бүгүнкү багыты кагазда калтырылбай, турмушка ашуусун тилейли энди. Коомчулук ошону талап кылалы.
Президент ЖКда сүйлөйт дешсе, учурдагы саясый ыйкы-тыйкыларга токтолот деп ойлогомун чынында. А бирок чалчыкта оонаган эски досунун деңгээлине түшпөдү. Саясаттан да маанилүү маселелерге токтолду. Сокенин саясый ишмердигине буга чейин сынчыл көз карашта элем, а бүгүн саал-саал ичим жылыды. Бу красавчик ылайым-желаем элдик ажо болуп калса экен ушундан ары карай.
Олжобай Шакир, жазуучу
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ