Menu

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга өз ыктыяры менен келерин билдирди

Бөлүшүү:

Саясатчы Өмүрбек Бабанов жакынкы күндөрү Кыргызстанга кайтып келе турганын НТС телеканалындагы интервьюсунда билдирди. Ал президенттик шайлоодон кийин бийликтин талабы менен, партиялаш, тарапташтарына куугунтук болгон үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин айтты.

Бабановдун айтымында, мындай талап президенттик аппараттын мурдагы жетекчи орун басары Икрамжан Илмияновдун иш бөлмөсүндө айтылган.

«Мен Кыргызстанга келсем толкуп турган эл чыгып, жабыркап калмак. Мен өз убадамды аткардым. Мен Атамбаев менен да, Жээнбеков менен да сүйлөшкөн жокмун. Менин жакындарым азыркы президент менен сүйлөшүп жатышты… Орусия президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапары учурунда жана КСДП курултайы, талаш-тартыш күчөп турган учурда келбейт болчумун. Ушул жума бүткөн соң, жакында барам. Мен өз ыктыярым менен келем, мени камап, бул үчүн мамлекеттик акчаны жумшап, кайтарып эмне кылат? Мен качпайм. Бирок камайбыз десе, бүгүнкү бийлик өздөрү чечим кабыл алат», — деди Бабанов.

Ал өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча тергөөчүлөргө жооп берүүгө, Кыргызстанга келгенден кийин инвестиция тартууга даяр экенин билдирди.

Өмүрбек Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Анын бири «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде козголсо, кийин «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш ачылган. УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

УКМК Бабанов Кыргызстанга кайтса, мыйзам боюнча жоопко тартыларын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: