Menu

Тазабек Икрамов, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан ЖК депутаты: “Менин айткандарым дайыма бурмаланып берилет”

Бөлүшүү:

– Тазабек мырза, «кээ бир мамлекеттик мекемелердин айлыктарын азайтуу керек» деген сунушуңузду негиздеп берсеңиз?

– Мамлекет болгондон кийин жалпы мамлекеттик мекемелерде, ишканаларда иштеп жаткан адамдардын айлык маяналары бирдей болуш керек. Мисалы, медайымдарды алалы. Күнү-түнү иштешет, алган айлыктары болсо 10 миң сомго жетпейт. Ошол эле учурда кээ бир мамлекеттик мекемелерде иштегендер 200 миң сомго чейин айлык алышат. Кээ бир экс-кызматкерлердин пенсиялары эле шумдук! Мен баарын теңдеш керек дебейм, бирок мамлекет кызматына жараша адилеттүү бөлүштүрүшү керек да. Ачыгын айтыш керек, Аскар Акаевдин убагында кайсы министрлик же ведомстволордун жетекчиси президент менен жакшы болуп, айлыгын көтөрүп алган болсо, ошол бойдон келатат. Эч кандай жаңылануу, өзгөрүү жок. Союз мезгилинде эң көп айлыкты иштин оордугуна, ден соолукка зыяндуулугуна карап шахтёрлор эле алышкан. Ал эми башкалардын айлыгы бири-биринен кескин айырмаланган эмес. Мен өкмөткө ушул маселени койдум.

– Сиздин бул сунушуңуз социалдык түйүндөрдө кызуу талкууга алынып, «Икрамов байлардын акчасын алып, кедейлерге берүүнү сунуштады» деп айтышууда.

– Андай сөз болгон жок. Мен эмне үчүн «байлардын акчасын алып, кедейлерге бер» деп айтмак элем? Болгону мамлекетгик мекеме, уюмдардын айлыктарынын ортосундагы айырма чоң экендиги тууралуу гана маселе көтөрдүм. Менин сөзүмдү которгондор туура эмес которушабы, билбейм, эмнегедир менин айкандарым ЖМКларда дайыма бурмаланып берилет.

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: