Мамлекетке кол салып жаткан коррупционерлерге бүгүнкү күнү биз чекит койбосок, эч качан биз өнүккөн мамлекеттин катарына кире албайбыз. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.
“Эл шайласа дагы депутат болобуз. Бул депутаттыкты, министрликти эч ким бизге байлап берген эмес. Ошондой эле бүгүнкү күнү мамлекетибиз карызга батып турат. Коррупционерлер болсо миллиардер болуп отурат. “Коррупцияга жол жок”,- деген ураан менен мыйзамды кабыл алат деген умүттөмүн. Мамлекетке кол салып жаткан коорупционерлерге бүгүнкү күнү биз чекит койбосок, эч качан биз өнүккөн мамлекеттин катарына кире албайбыз. Келечектеги муундарга, урпактарга жакшы мамлекетти калтырып кете албайбыз. Ошондуктан коррупция менен күрөшөбүз дегенди сөз менен гана эмес, иш менен көрсөтүшүбүз керек”, – деди депутат Икрамов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ