11-апрелде Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкулов Афганистан Ислам Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси М.Латиф Баханд мырза менен анын өтүнүчү боюнча жолугушту.
Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары кыргыз-афган мамилелеринин азыркы абалы, ошондой эле Борбордук Азия аймагында жана Афганистандагы коопсуздук менен байланышкан кырдаал тууралуу пикир алмашышты.
Тараптар эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн , ошондой коопсуздукту сактоо тармагында кызматташуунун маанилүүлүгүн жана зарылдыгын белгилешти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ