Menu

Алтынбек Сулайманов, “Бир Бол” фракциясынын лидери: “Конституция өзгөртүлбөй иштеш керек”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин 3 жолку чакырылышынын депутаты, учурда парламенттеги «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов бетке айткан тайманбас депутаттардын бири. Сунуштаган мыйзамдары дагы негиздүү. Мисалы балдардын англис тилин үйрөтүүдө волонтёрлорду алып келүү керектигин ар дайым айтып келет…

—Алтынбек Турдубаевич, чек ара маселеси чыккандан бери өкмөттүн ишин сынга алгандардын катары калыңдады. Сиздин баамыңызда өкмөт чек ара маселеси боюнча жетишээрлик көңүл буруп жатабы?

—Чек ара маселеси боюнча алардын жасаган иш аракети менин купулума толгон жок. Ал жерде көп маселелер Кыргызстандын кызыкчылыгына эмес, Тажикстан тарапка көбүрөөк пайдалуу чечилгендей сезилип жатат. Нейтралдуу зоналарды ал документте Тажикстандыкы деп таанып койгон аймактар бар экен. Бул кооптонууга алып келип жатат.

—Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн кыскартыш керек дегениңизди көпчүлүк колдогон. Эгер аларды жоюп жиберсек, жасаган иштерин ким кылат?

—Мурдагы тил менен айтканда губернаторлор азыр таптакыр маселе чечпейт. Өкмөт башчы аймактарга барса лента кесип же той-аштарга барып, жыргап эле жүрөт. Алардын зыяндан башка пайдасы жок. Бир эле мисал айтып берейин. Алардын аппаратын каржылоо үчүн бюджеттен миллиондогон каражат коротулат. Ошол каржыларды кыскартып, мектеп бала бакча салып алсак болот. Губернаторлор акимдерди башкарып, акимдер айыл өкмөттөрдү карап, алар элди башкарып өзүнчө эле түшүнүксүз жагдай. Губернатор эмне иш кылып жатканын билбейсиң. Аймактар дотацияда турса, аларды биз мамлекеттик бюджеттен каржылап губернаторлорду аппараты менен кармап туруунун таптакыр зарылдыгы жок.

—Өткөн жумада сиз дагы эл кыдырып келдиңизби?

—Атайын бир жумада эмес, дайыма шайлоочулар менен жолугушуп турабыз. Иш сапар учурунда дайыма кайрылып тыгыз байланыштабыз.

—Кийинки шайлоого кайсы партияга кошулуп барасыздар. Баланча-түкүнчө менен биригиптир деген кептер айтыла баштагандай?..

—Андай болушу мүмкүн эмес. Буюрса 2020-жылы өзүбүздүн «Бир Бол» фракциясы менен эле аттанабыз.

—Мандат маселесинде партиянын лидерлерине таарынгандар көп. Сизге да нааразы болуп «мен жетиштүү добуш алгам, мандатымды бербей жатат» дегендер жокпу?

—Башка партияларга караганда бизде андай маселе аз. Жок десем жалган айткан болом, антип айтуудан алысмын.

—Мектептерге волонтёрлер көбүрөөк керек деп дайыма айтасыз. Мугалимдер жетишсизби?

—Волонтёрлорду айтып жатканымдын себеби англис тил маселесинен келип чыгууда. Англис тили дүйнөлүк биринчи тил. Бул тилди билген адам таптакыр жолдо калбайт, дүйнөнүн каалаган бурчунда жүрө алат. Ар бир мектепке англис тил мугалимдерибиз жетишип, балдарыбыз жакшы үйрөнсө сонун болмок. Мигранттарыбыздын көбү Россия менен Казакстанга гана барууга аргасыз. Тил билсе жарандарыбыз Европанын мамлекеттеринин эшигин ачып, айлыкты көбүрөөк алмак. Анын үстүнө укуктук коопсуздугу дагы жакшы сакталмак. Англис тилин жаштарыбыз жакшы билсе, экономикалык жактан да өсүү болмок. Анткени келе турган инвесторлор менен түз сүйлөшүп, тең ата болуп, котормочусуз иштесе алар деле бааламак.

—Мамлекеттик сатып алуулар боюнча коррупция бар деп көп айтасыз. Тендерлер боюнча айтып жаткан жоксузбу?

—Экономикабыздын өспөй жатышына дагы дал ушул тендер маселеси чоң салымын кошуп жатат. Тендерди өткөрүү системасы коррупцияга аябай ыңгайлашып жасалган. Ким тендерди өткөрсө өзүнүн 5,10%га чейин «долясын» алгандар бар экенин кантип жашырабыз. Ушунчалык чырмалышып, коррупцияга белчесинен батып калган. Президентибиз коңгуроо кагып жатканына карабай, муну тескей турган органдар өздөрү коррупцияга батып олтурушса кайдан?

—Учурда «Конституцияны өзгөртүш керек» деген ураан менен чыккандар көбөйдү. Сиздин бул маселеге пикириңиз кандай?

—Өзгөртүү эч кимге пайда алып келбейт. Биз башкы мыйзамыбызды толук кандуу иштете албай жатабыз. Ыйгарым укугун парламент толугу менен колдоно албай жатат. Конституция иштесе парламенти бир топ күчтүү жана экономикасы алдыга өнүккөн өлкөлөрдүн катарын толуктамакпыз. Иштете албай жатып өзгөртүүгө аракет кылуу бул акылга сыйбаган нерсе.

Маектешкен: Баян Кулова

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: