Menu

Өзбекстан Улуттук маалымат агенттиги казак тилиндеги версиясын ишке киргизди

Бөлүшүү:

Өзбекстан Улуттук маалымат агенттиги (УзА) 13-апрелден тарта сайттын казак тилиндеги версиясын ишке киргизди.

Буга чейин агенттик жаңылыктарды өзбек, орус, англис, француз, немис, испан, араб жана кытай тилдеринде таратып келген.

УзА тараткан маалыматта “Өзбекстанда Казакстандын жылы жарыялангандыгына байланыштуу өлкөнүн расмий маалымат агенттиги биринчи жолу казак тилиндеги версиясын сунуштайт” деп айтылат.

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Твиттерге бул “боордош эки элдин өз ара достук мамилесин жаңы деңгээлге көтөргөн Элбашы Нурсултан Назарбаев менен Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин аракетинин натыйжасында мүмкүн болгонун ” жазды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: