15-апрелден тарта Орусиянын “Газпром” ишканасы Түркмөнстандан кайрадан газ сатып ала баштады. Бул өлкөдөн газ алууну орус тарап үч жыл мурда токтоткон.
Азыркы импорттолуп жаткан көгүлтүр отундун баасы жана көлөмү тууралуу так маалымат айтылган жок.
27-мартта Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов “Газпром” компаниясынын жетекчиси Алексей Миллер менен жолугушкан. Жергиликтүү басылмалар тараптар энергетика тармагындагы кызматташуу жөнүндө сүйлөшкөнүн билдиришкен.
Орусия 2016-жылы Түркмөнстандан газ сатып алууну токтоткон. Тараптар баа саясаты боюнча бир пикирге келе албай калышкан. Орусия Түркмөнстан келишимдин шарттарын аткарбай жатканын белгилеп, тарифтерди кайра карап чыгуу үчүн Стокгольм арбитраждык сотуна кайрылган жана алдын ала төлөнгөн 5 миллиард долларды кайтарууну талап кылган.
Түркмөнстандын мунай жана газ министрлиги Орусия 2015-жылы акча төлөй албай калганын, буга глобалдык экономикалык каатчылык жана санкциялар түрткү болгонун билдирген.
Түркмөнстан мурдагы советтик мейкиндикте жаратылыш газынын кени боюнча Орусиядан кийинки орунду ээлейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ