Menu

“Келем деп” эли дүрбөтүп, элди бетине кармаган Бабанов дагы бир ирет коркоктугун далилдеди

Бөлүшүү:

Кыргыз саясатында жаш келип, жаш кеткен Бабанов деген эргул бар. Ал саясатка келгени ар түрдүү ыкмалар менен жеңиштерге жетишип келет. Бирок суу жүрөктүгүнүн айынан ар дайым жеңиштеринен куру жалак калат. Анын ийгилигинин сыры катары ашынган кошоматтыгы экени айтылып жүрөт.

2010-жылдан кийин Роза «апчесине» жалбарып жатып, берчүсүн берип парламентке келсе, АШАнын убагында шаардын четиндеги дачасындагы малинасын берип атып утуп келгенин АША өзү айтып чыкты. Кандай болгон күндө дагы түрдүү ыкмалар менен ийгиликке жетип келген Бабанов мамлекет үчүн жарытылуу иш деле кылган жок, кыйын кырдаалга кептелгенде эле баарын сатып кетүүнү адатка айлантып алды. Ал эми президенттик шайлоодон кийин шайлоочуларынын укугун, добуштарын коргоп бергендин ордуна, баягы суу жүрөктүк ооруусу кармап бийлик менен тымызын соодалашып, алардын талаптарына көнүп, өлкөдөн чыгып тим болбостон, саясаттан кеткенин да жарыялап үлгүргөн. Мына ошондо анын тарапташтары ага болгон ачуусун тыя албай, жер тепкилеп кала беришкен. Ошентип бир жарым жылдан бери сыртта жүргөнүн, өлкөдө стабилдүүлүк болсун деген максатта экенин айтып, 13-апрелде өлкөгө кайтарын жар салды. Анысы аз келгенсип бийликке өзүнүн шарттарын, талапта-рын коюп, мени он миң киши тосуп алат, башка шаарларда да он миңде-ген адамдар чыгат деп шымаланып алганын кантебиз. Ошентип андан үмүтү өчпөгөн тарапташтары аны тосуп алууга жан үрөп жатышкан маалда, капыстан өлкөгө кайтпай калганын айтып чыкса болобу? Болбогон бир шылтоону бетине карманып. Андан көрө ачык эле, «мага өлкөнүн кызыкчылыгы маанилүү эмес, жеке керт башымдын, байлыгымдын кызыкчылыгы маанилүү» деп шарт эле айтса болмок. Бул жолу бала баатыр тарапташтарынын үмүтүнө биротоло суу септи. Карапайым калк анын анык жүзүн дагы бир ирет билип олтурат, эми ушундан соң аны ким ээрчийт? Ансыз да соц тармактарда анын айрым тарапташтары, өкүлдөрү аны боктоп, «сенден эл башчы чыкпайт экен» деп жазып жатышат. Албетте, учурда өлкөдө абал тынч, ал айтып жаткандай үчүнчү күч деген жок, бул жөн гана анын коркоктугу же борбордо бир БТРди экинчи жерге айдап баратканын көрүп чочуп кеттиби? Эгер келем десе унчукпай келе берсе болмок, баарын чуулдатып шымаланып алып, кайра чээнге кире качканы анын анык бейнесин ачыктап койду.

Чыныгы мекенчил, элдин жүгүн артууга бели бекем азаматтар эч качан элин-жерин таштап качып кетпейт, керек болсо камаларын билип турса дагы элинин кызыкчылыгы үчүн, өмүрүн канжыгага байлап келген саясатчылар жок эмес.

Мисалы, 2010-жылы 6-апрелде Темир Сариев Москва шаарынан камаларын билип турса дагы элин, санаалаштарын сатып, качып кетүүгө намысы жол бербей өлкөгө кайтып келип, камакка алынган. Учурда Сариев туруктуу жеңиштерин камсыздаган, бараандуу, эл ишенимин сатпаган үлгүлүү саясатчы катары эл колдоосуна арзып келет.

2017-жылы АШАнын ашмалтайын чыгарып, бийликтин былыктарын ачык айтып чыккан Өмүрбек Текебаев Турциядан камаларын билип туруп, башын тике көтөрүп өлкөгө кайтып келип камалган. Ал камалып жатса дагы сынбай, чындык үчүн бүгүнкү күнгө чейин күрөшүп жатат.

Ушул эле жылы дагы бир саясатчы Садыр Жапаров тарапташтарына мартта барам деп убада берип, «жигиттин сөзү өлгөнчө, өзү өлсүн» деген таризде өлкөгө кайтып келип камалган. Ал дагы сынбай, дале күрөшүп жатат.

Мынакей чыныгы мекенчил азаматтар деп ушуларды айтсак болот, элинин-жеринин башына кара булут түнөргөндө жол көрсөтуүдөн тайманбаган азаматтар ушундай болуусу керек. Ал эми «БӨТкө» окшогон суу жүрөк, кошоматчы саясатчылар алыска узабайт, алардын ким экени бат эле элге билинип калат…

Камчы Кадыров

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: