Menu

Күтүлбөгөн окуябы, же алдын-ала даярдалган сценарийби?

Бөлүшүү:

Одоно кеткен катачылык

Президенттик шайлоонун жоболондуу ызы-чууларынын арты али басыла элек. Мансап талаштын арты мамлекетибиз эгемендүүлүккө ээ болгондон бери ызы-чуу, бүтпөгөн пикет-митингдер менен коштолуп келди. Шайлоо комиссиясы одоно мыйзам бузуучуларга чечкиндүү чара көрүшкөн жок. Мурда элибиз бардыгын акча чечет деген түшүнүктө болсо, азыр ири суммадагы каражаттар менен ошол мезгилдеги аракеттеги президенттин колдоосу бардыгын чечет деген жыйынтык чыгарышкан.

“Калк айтса, калп айтпайт” -дегендей мындай жыйынтыкка бекеринен келген эмес. Ал түгүл экс-президент А.Атамбаев эми “жан досуна” кастарын тигип, ошол шайлоодо өзүнүн кылмыштуу аракеттерин аргасыз моюнга алды деген пикирлер эл арасында ачык айтыла баштады. Мунун баары ошол кезде президенттикке талапкер болгон Ө.Бабановдун Ата Мекенине келүүгө жасаган аракетинен, ага азыркы бийликтегилердин одоно кетирген катачылыктарынан келип чыкканы канчалык жашырсак да эл алдына ачыкка чыкты. Ойлонулбай жасалган бул кадам президент Сооронбай Жээнбековдун ишмердүүлүгүнө көлөкө түшүргөнү болбосо, анын ар ишке калыс карайт деген элдин ишенимине доо кетирди.

Дүйнөдө өнүккөн мамлекеттерде шайлоодон кийин жеңген тарап жеңилгендерди куугунтукка албайт. Ал түгүл кара күчүнө сыйынышкан спортсмендер да жеңилүү ызасын тарткан учурда атаандашына кек сактабай, көкүрөк тийиштирип, бири-биринин көңүлүн алышат. Өкүнүчтүүсү, бизде жеңген тарап жеңилгендердин ишин тергөөгө өткөрүп, аны сындырууга аракет жасап келишет. Окуянын чордону бизге мындай жыйынтык чыгарууга мажбур кылууда.

Президент С.Жээнбеков Ө.Бабановдун келишинен чоочудубу?

Күтүүсүз жерден сыртта жүргөн Ө.Бабановдун Ата-Журтуна келе тургандыгы тууралуу маалыматтар ММКларда үзгүлтүксүз жарыялана баштады. Ага коюлган саясий айыптарды авторитеттүү бир канча эксперттик уюмдар жокко чыгаргандыгы эл арасына кеңири тараган. Ошол эле учурда буга мамлекет башчысы да каршы эмес экендиги билдирилген. Мындан тышкары, Ө.Бабанов кыргыз жергесине келсе, А.Атамбаев менен бир блокко кирет экен деген пикир капысынан пайда болду. Бул имиштердин кайсынысы чын, кайсынысы жалган экендигин аныктоого убакыт жетишсиз болду. Ошентсе да буга ар тараптуу анализ жасоону туура таптык. Ошол эле учурда тийиштүү уюм-мекемелердин үн катпагандыгы бийлик мунарасындагылар үчүн терс пикирлерди пайда кылды. Тескери божомолдор акыркы күндөрдө күч алды. Президент С.Жээнбеков бул инциденттин келишинен чоочугандыгы тууралуу кеп кеңири тарай баштады. Анын себебин ар түрдүү аспектиде карап көрөлү.

Өткөн күндөргө саресеп

Ар бир күндүн биз күтпөгөн окуялары бар. Айрыкча саясий оюндар менен алектенип, ага катышуучуларынын ортосундагы тирешүүлөрдүн кесепетинен канчалаган бейкүнөө адамдар жабыр тартышат. Бул жактан алганда ушул жаман адат биздин кыргыз жергесинде чектен ашкан сыяктанат. Ал үчүн акыркы президенттик шайлоонун шайтан оюндарына саресеп салып көрөлүк.

Президенттик шайлоонун учурунда бул орунга ат салышкандардын көрүнүктүүлөрү С.Жээнбеков менен Ө.Бабанов болушкандыгын эч ким унута элек болуш керек. Булардын мурда бири-бирине сактаган өч-кектери деле болбосо керек. Алардын жаш өзгөчөлүктөрү мындай жыйынтык чыгарганга бизге негиз түзөт. Байлык жактан деле, кесиптик өзгөчөлүктөрү боюнча деле атаандаш болушканы тууралуу да маалыматтар жок. Алардын ортосундагы тирешүүлөр сасып бүткөн шайлоо оюндарынан башталып отурат. Мүмкүн буга А.Атамбаев кийлигишпесе, мынчалык “сөөк өчтү” душмандыкка барышмак эмес деп айтсак болот.

Майдалабай, шайлоодогу добуштарга кайрылбай эле коёлу. Аны жалпы элибиз билет, бирок президенттикке кандидат болгон бул экөөнүн ортосундагы дебатта С.Жээнбековдун: “-Мен президент болсом, сенин үстүңөн кылмыш ишин козготом”, – деген кебин көпчүлүк жактырган эмес. Ачуу менен айтылган кеп катары да кабыл алганбыз. Шайлоонун жыйынтыгы чыгарылганда да Ө.Бабанов токтоолук кылып, аны жеңиши менен куттуктап, биринчилерден кол кысышканы теледе көргөзүлдү. Бул менен ал коомчулукка да жакшы пикирди пайда кылды. ПІайлоочуларынын басымдуу бөлүгү нааразылык акцияларын уюштурууга, пикетке чыгууга толук даярдык көрүшкөндө, ал элдин бөлүнүп-жарылуусуна жол бербей, элди тынчытып, чет өлкөгө чыгып кеткен эле. Анын натыйжасында шайлоодон кийин болуп келген башаламандыкка чек коюлуп, С.Жээнбековдун кызматына ызы-чуусуз чыгышына жана иштешине ыңгайлуу шарт түзүлдү. Муну көпчүлүк анын адамгерчилиги жана жигиттик чечими катары кабыл алышкан.

Ошентсе да Ө.Бабановго саясий айып коюлганы элге белгилүү болгон. Бул калпыс иш-чаралар ошол учурда эмне себептен УУК тарабынан шайлоого чейин козголгон эмес деген суроо жоопсуз калды.

Эл арасындагы кептерди талдап…

“Бетке айткан кептин заары жок… Ө.Бабановдун келбей калышы эл ичинде түрдүү айың кептердин чыгышына себеп болду. Бири – бул анын коркоктугуна такаса, экинчиси – бийликтегилердин ичи тардыгы жана Ө.Бабановдун эл арасында кадыр-баркынын жогорулап кетишине көрө албастыгы катары санашууда. Калкыбыздын негизги пикири анын ушул кырдаалда С.Жээнбеков менен А.Атамбаевдин тирешүүсүнүн апогейи туу чокуга жеткен учурда келбегендигин туура көрүшөт. Анткени булар аны жеке кызыкчылыгына колдонушмак, ал түгүл муну үчүнчү күчтөргө байланыштырып, алардын “садагага чабылар улагына” айланмак дешет.

Ар бирин өз алдынча талдоого аракет жасап көрөлү.

Өлкөдөгү азыркы кырдаалга саресеп салып, талдап көрөлү. Мурдагы “өнөктөш” болгондордун бир пикирге желише албагандыгы жалпы элибиздин кооптонуусуна алып келди. Жер-жерлерде адаттагыдай жаз келгенде саясий пикеттер башталып кетүү коркунучу түзүлгөнүн жашыруу мүмкүн болбой калды. Мындаи жагдайда ансыз да «Алапайдын аты жаман» болуп турганда Ө.Бабановдун келиши менен пикет-микеттер башталса, аны уюштуруучулардын бири катары ага айып коюлмак эмес деп эч им кепилдик бере албайт. Бул жактан алганда анын коркоктугу эмес, сактангандыгы катары бааласак болот.

Экинчи жактан алганда, УКК тарабынан козголгон “кылмыш иши” атайы уюштурулган “шоу” сыяктанат. Мында коюлган айыптоо “Кыргызстан” коммерциялык банкын Максимден 25 миң долларга сатып алганына байланыштырганында болуп отурат. Акыл-эс менен карасак, келери менен аэропорттон шыр эле УККнын “каталашкасына” алып кетишмек. Ал жерден аны “сындырууга” бардык аракеттер жасалып, анын ээси башка адам деген жыйынтык чыгарышмак. Ал эми бул банктын “көмүскөдөгү” кийинки ээси (чыныгы ээси) Акүйдөгүлөрдүн, же Көкүйдөгүлөрдүн бири болуп калмак. Биздин өлкөдө чейрек кылымдын аралыгында мындай “сындыруулар” адаттагыдай эле көрүнүшкө айланганын кантип жашыра алабыз? Менимче, Ө.Бабанов да кырдаалга үзгүлтүксүз көз салып, анализ жүргүзүп, ошондон кийин бул чечимге келген сыяктанат.

Үчүнчүдөн, “достордун” ич ара келишпестиги күч алгандан кийин А.Атамбаев жарым-жартылай күрөшкө чыгып отурат. Ө.Бабановдун келиши менен ал алдын ала даярданып пикет-митингдерди баштап жиберсе, анда экөө келишим жасашкан деген айыптоо “жарнагы” тагылбайт эле дегенге ким ишенет? Ачыгын айтканда УКК да кошумча айып тагууга алдын ала даярдык көрүп, аэропорттон тосуп алууга шайма-шай даярдалып коюлган деп жыйынтык чыгарганга негиз түзүлүп отурат.

Бул банк боюнча “операцияларды” даярдагандардын алабармандык аракеттери белгилүү болгондуктан Ө.Бабановдун келбей калгандыгы анын сактыгы менен кырдаалга туура баа бергендигине байланыштырсак болот.

Ал эми субьективдүү жактан алганда бул сасык оюндарга үчүнчү күчтөр дагы катыштырылып, инцидентке дагы бир жалаа жабылышы да мүмкүн эле. Эл ичинде айтылып жаткан божомолдор аркылуу буга башкача жыйынтык чыгаруу мүмкүн болбой калды көрүнөт.

Бири-бирибизди жектөөгө чек коюлабы?

Абалтадан адилет ажолор айыгышкан душмандары менен да тил табышуу жолдорун табууга аракет кылышкан экен. Алар бул жол менен мамлекетинин коопсуздугун камсыз кылып, элдин бир ыркка келип, ынтымакта жашоосуна жетишишиптир. Эгерде буга жол ачсак кыска мөөнөттө эле бакубат турмушта жашамакпыз. Мышык менен чычкандай аңдышуулар жок болмок. Тетирисинче, бул мезгилде мыктысын буттан чалып жыкмай адат күч алууда, ушундан улам чыгаан чыгар канча уул-кыздарыбыз чет тарапка иштеп, кирешелерин башка элдин жыргал турмушуна сарптап жатат? Айкөлдүк, адилеттүүлүк, кечиримдүүлүк сыяктуу жакшы сапаттар унутка калып, бири-бирибизди жектөө адатка айланып барат. Калкыбыздын саны айрым өлкөлөрдөгү чакан шаарларынын элинин санына барабар келет. Жашоо деңгээлибиз бийиктикке көтөрүлбөй келет. Бизде экономиканы көтөрүүгө эмес, саясий ызы-чууга айрыкча берилгендигибиздин кесепети ушул абалга алып келди. “Лидерлердин” тирешүүсүнүн натыйжасында канча мыкты-уул кыздарыбыз жергебизден кетүүгө мажбур болуп отурушат.

Бекеринен акылмандар:”-Тынчы жок мамлекетиңди урайын, жылуулугу жок тонуңду урайын”, – деп наалыбаса керек. Имиграцияда жүргөн адамдар жөнүндө сөз болгондо Сталин: “Алар биздин “сукин сын”, – деген имиш. Ошол сыяктуу биздин “сукин сындарыбыз” өз элинде премьер-министр, министр же башка жооптуу кызматтарды аркалап жүрүп, ичип-жеген деген жарнак тагылып, качып-бозуп жүрсө да, башка эл-жерде чыгаан бизнесмен катары таанылып, аларга кызмат кылууда.

Менимче, алардын айыбын мойнуна коюп, байлыгынын бир бөлүгүн начар региондордун жашоо шартын оңдоого талап кылууга неге болоосун? Башка жерде качкын болгончо, Мырзакматов, Шадиев, Бабановдор мекенине кызмат кылуудан деле качпаса керек?

Куугунтукка алганча мындай талаптарды коюп, жармач мамлекетибизге алардын каражаттарын колдонсок, чет элдик банктардан ири карыз алууга тизелебейт элек? Керек десе экс-президенттер Акаев, Бакиевдерге да ушул талапты койсок, алар деле каршылык кылбас беле? Же чабышып жүрүп чачыла беребизби? Тебишип жүрүп элибизди тентитип жүрө беребизби? Мындан башка бизге эрмек табылбайбы? Деги эле бири-бирибизди жектөөгө чек коюлбайбы? Мыктыларыбызды буттан чалып жыккан адаттардан качан арылабыз? Бул суроолорго азыр эч ким жооп бере албайт.

Орусиядан үлгү алсак…

Биздеги азыркы кырдаалга мурдагы СССРдин курамындагы бардык республикалар да тушуккан. Орусиянын президенти Ельциндин учурунда өлкөдөгү байлыктардын негизги бөлүгүн шылуундар ээлеп алышкандыктан, элдин турмушу кескин төмөндөгөн. Өзүнө мураскор издеген Ельцин акыры Путинге токтолгонун баары эле биле бербесе керек. Такталбаган маалыматтарга караганда ири кирешелүү бардык тармактар жүүттөрдүн колуна өткөн деген имиштер бар.

Бийликти толугу менен колуна алган Путин аларга топтолгон байлыктарынын эсебинен начар региондордун экономикасын көтөрүүгө каражат бөлүүгө, ал аймактарга жетекчи болуп, жоопкерчиликти моюнга алууга сунуш кылган экен. Көбү бул сунушту четке кагышкандыктан, мыйзамдык текшерүүгө алдырып, куугунтук кылынат. Буга макулдугун берген Абрамовичти Сибирге губернаторлукка коёт да, негизги каражаттарды өз байлыгынын эсебинен бөлүү талабын коёт. Натыйжада, ири нефть магнатынын эсебинен БАМ курулушу толук бүткөрүлүп, Ыраакы Чыгыш аймагы Орусиянын өнүккөн аймагына айланат.

Бизде неге бул ыкманы колдонууга болбосун? Куугунтук жүргүзбөстөн, чет жердеги качып-бозуп жүргөндөргө мындай талаптарды коюуга анчалык деле акылмандуулук талап кылынбаса керек. Мисалы Шадиевге Баткендин экономикасын, Бабановго Таластын, Мырзакматовго Оштун жана башкаларын деле калган региондордун экономикасын өз каражаттары менен көтөрүү талабы коюлса, качып жүргөнчө буга алар макул болушат беле? Анда чет мамлекеттерден карызга селбик сурабаган даражага жетет белек? А-ай, мындай сунуштарды биздин бийлик бутактары угарына деле ишенүү кыйын…

Үмүттөр үзүлбөйт, бирок…

Эң алгач эл аралык юридикалык жана коомдук уюмдар аркылуу Ө.Бабановго коюлган айыпты талдоо жасап, мында кылмыш курамы жок деген жыйынтык чыгарышканын билдиришкен. Түрдүү пресс-конфенцияларда бул маалыматтарды алар ачыкка чыгарышкан. Ал түгүл УКК тарабынан бул “кылмыш иштери” жабылгандыгы маалымдалган. Ө.Бабановдун Мекенине кайтып келүүгө бийлик бутактары каршылык кылбай тургандыгы жар салынган. Ушундан улам Ата-Журтуна кайрылып келүү үмүтү жаныптыр. Атти-и-иң дүйнө демекчи, Өмүкең кыргыз жерине келүүгө билет алып, кубанычы койнуна батпай, ал түгүл эл-журтуна “эч кандай саясий-шоуларга кошулбай, өлкөбүздүн экономикасын көтөрүүгө зор салым кошуп, ишкер катары ири суммадагы инвестиция тартып келерин” жар салып жиберди.

Бийлик мунарасындагыларбы, же алардын кеңешчилериненби, болбосо анын иштиктүү аракети менен элге тез алынып кетишинен коркуштубу, айтор, эртең келет дегенде УКК тарабынан ага тийиштүү деген банкты “басып”, Ө.Бабановдун бул банкты кадимки экс-президент К.Бакиевдин уулу Максимден сатып алганын шылтоо кылып, кайрадан жаңы “кылмыш ишин” козгогону “күн бүркөлбөй ачык туруп, добул жүргөндөй” болду. Бул менен бийлик ээлери өз өңүнө көө сыйпап алгандай болду. Элдин пикири мында жүйөөлүү десек болот. Ошентип эл ичинде бийликтин бул аракети кезектеги дагы бир саясий-шоусу катары кабыл алынды. Үмүттөр үзүлбөйт эмеспи, бирок…

Эртабылды Аттокуров

Булак: “13-квартал”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: