Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Париждеги Кудай Эне чиркөөсүндөгү өрт кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана ГФР Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин расмий жолугушуу аземинен кийин алар Париждеги Кудай Эне чиркөөсүндөгү өрт кырсыгына байланыштуу Франция Президенти Эммануэль Макронго көңүл айтышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Париждеги Кудай Эне чиркөөсүндөгү өрт кырсыгына байланыштуу чын дилден көңүл айтуубузду кабыл алыңыз. Нотр-Дам — дүйнөлүк маданий мураска айланган ыйык чиркөө. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан, Париж жана Франция туш болгон эбегейсиз чоң жоготууга байланыштуу жалпы француз элине терең кайгыруу менен көңүл айтуумду жеткирип коюуну өтүнөм», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: