Menu

Казакстан президенти Өзбекстанга туристтик кластер түзүүнү сунуштады

Бөлүшүү:

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Өзбекстанга бирдиктүү туристтик кластер түзүүнү сунуштады.

«Борбор Азиядагы коопсуздук, туруктуулук жана экономикалык өнүгүү Казакстан менен Өзбекстандын өз ара тыгыз мамилелеринен көз каранды. Түрк тилдүү гана эмес, бүтүндөй дүйнөлүк маданияттын мурасы болгон эки өлкөнүн руханий жана тарыхый борборлорун байланыштырууну сунуштайм. Түркстан, Самарканд, Бухара каттамдарын бириктирүү менен ыкчам түрдө туристтик кластер ачуу керек», – деген Токаев.

Казакстан президенти Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барган күнү Түркстан менен Самарканд ортосунда автобус каттамы ачылганы белгилүү болгон.

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин Өзбекстандагы эки күндүк мамлекеттик сапары 14-апрелде башталган.

15-апрелде ал Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен жолуккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: