Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 16-апрелде Германияга расмий визитинин алкагында Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолугушту.
Сооронбай Жээнбеков менен учурашып, Ангела Меркель Кыргызстан тандап алган өнүгүү жолу жөнүндө Германия жана Евробиримдик биле турганын белгилеп, немис тилинде сүйлөдү.
Ал эми Президент Сооронбай Жээнбеков Германияга расмий визит менен келүүгө чакырганы үчүн ыраазычылык билдирип, Германия Кыргызстандын Европадагы негизги өнөктөшү экенин белгилеп, кыргыз тилинде кеңири сөз сүйлөдү.
Президент Жээнбековдун сөзү кыргыз тилинен немис тилине токтоосуз которулуп берип турду, бирок, Бишкектеги айрым кыргыздарга президенттин кыргыз тилинде сүйлөгөнү жакпай, “орусча сүйлөш керек эле” деп социалдык тармактарда кескин сынга алып чыгышты. Мындай кыргыздарга жооп кылып, журналист Баян Жумагулова “силер кыргыздын маңкуртусуңар!” деп айыптады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ