Menu

Кремлде Тажикстан жарандарын Орусияга иштөө үчүн жөнөтүү келишимине кол коюлду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-апрелде Кремлде Орусия президенти Владимир Путин менен Тажикстан президенти Эмомали Рахмон жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 17 документке кол коюлду, алардын арасында Душанбе, Куляб, Хожент, Бохтар жана Турсунзаде шаарларына орус тилдүү мектептерди куруу жана билим берүү мекемелерин материалдык-техникалык жактан жабдуу, убактылуу иштөө үчүн Орусияга Тажикстан жарандарын жөнөтүү келишимдери бар.

​Эмомали Рахмон журналисттер үчүн билдирүү жасаган учурда тажик-орус сүйлөшүүлөрү жогорку деңгээлде өткөнүн баса белгиледи. Ал акыркы жылдары Орусияга иштөө үчүн жөнөгөн тажик эмгек мигранттарынын саны азайып баратканын айтты.

Тажик президенти Эмомали Рахмондун Москвадагы сапары маалында Тажикстанда тыюу салынган “Группа 24” оппозициялык тобунун эки тарапкери 17-апрелде Кремлдин жанына акцияга чыгышты. Алардын бири колуна “Эмомали Рахмон – Борбор Азиядагы диктатор” деген жазууну кармап, экинчиси Тажикстанда камакта отурган “саясий туткундардын” баарын бошотууну талап кылды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: