Menu

Фото – ИИМ: Жалал-Абадда куралдарды мыйзамсыз сатуу аракетин жасаган жаран кармалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын  Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери республиканын түштүгүндө  куралдарды мыйзамсыз сатуу  аракетине бөгөт коюшту.  Жалал-Абад облусунан кармалган тургуну бир нече куралды автоунаага алташтырууга аракет кылган. КМКнын аймактар аралык башкармалыгынын атайын операциясынын жүрүшүндө куралды алмаштырууга аракет кылып жаткан Жалал-абад облусунун Токтогул районунун 1979-жылы туулган А.Н. аттуу жашоочусу кармалган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жакында ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан ок атуучу куралды мыйзамсыз сатууга аракет кылып жатат деген ыкчам маалымат алышкан. Аталган факты КЖБРге катталып, ушул багытта ыкчам иштер жүргүзүлө баштаган. 2019-жылдын март айынын аягында  КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери  куралдарды сатуу аракетине бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Токтогул районунун аймагындагы Ош-Бишкек жолунда милиция кызматкерлери шектүүнүн башкаруусундагы “Ауди-100” үлгүсүндөгү автоунаасын токтотушкан. Автоунаанын ичин кароо учурунда ТОЗ-8 үлгүсүндөгү  2 даана мылтык,  бирөөсү 1962-жылы чыккан, ал эми экинчиси өчүрүлгөн номуру менен табылган. Ошол эле күнү куралдарды сатууга шектелген Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургуну, 1979-жылы туулган А.Н. аттуу жаран кармалган. ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүмү (Куралдарды, ок-дарыларды мыйсамсыз жүгүртүү) менен сотко чейинки иликтөөлөрүн жүргүзүп жатышат. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Экспертизанынын корутундусу менен алынган оку атуучу куралдар күжүрмөн ок атуучу курал катары жана андан ок атууга жарактуу деп таанылды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: