Menu

Улан Примов, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: “Ишкерлерге жүк болгон ашыкча түзүмдөрдү алып салалы”

Бөлүшүү:

– Улан мырза, комитеттин жыйынында ишкерлер туш болуп жаткан кыйынчылыктар туралуу аябай жакшы маселе көтөрдүңүз. Сиздин айтымыңызда, тоо-кен тармагында иштегендерге өзгөчө кыйын окшойт?

– Бүгүнкү күндө тоо-кен тармагында иш жүргүзүү чындыгында эле татаал. Президентибиз ар бир кайрылуусунда, ар бир жолугушуусунда биз ишкерлерге, тоо-кен тармагы болобу, башка тармактар болобу, экономикабызга пайда келтирип жаткан ишкерлерибизге максималдуу түрдө шарт түзүшүбүз керек экенин айтып жатат. Эми тоо-кен тармагын карай турган болсок, ал жерде бир топ көйгөйлүү маселелер бар. Лицензия алыш үчүн ишкер көп кыйынчылыктарга тушугат. Жерди алгандан кийин аны трансформациялоо үчүн жергиликтүү бийликтин, биздеги мыйзамдардын карама-каршылыгына дуушар болот. Андан кийин энергетика тармагында бир топ орчундуу маселелерге учурайт. Баарынан өтүп келгенден кийин экотехинспекция, курчап турган чөйрөнү коргоо сыяктуу мекемелердин тыянагын алыш керек. Андан кийин маданият министрлиги ал жерде «тарыхый баалуулуктар жок» деген тыянак берүүгө тийиш. Ошондон соң иш башталчу. Бирок, быйыл ага кошумча кылып, ӨКМ менен айыл жана суу чарба министрлигин кошуп коюшту. Алардан да ал жерде «суу көлмөлөрү жок», же болбосо «табигый кырсыктарды пайда кылбайт» деген уруксат керек. Ошон үчүн өкмөт тоо-кен тармагында иштендерге жүк болуп жаткан ашыкча, кереги жок түзүмдөрдү алып салышы керек.

– Мурда айрым министрликтер менен ведомстволордо атайын эсеп деген болчу эле. Алар аркылуу коррупциялык схемалар иштегени да жашыруун эмес. Кандай дейсиз, азыр ал атайын эсептер жоюлуп, фондго айландырылгандан кийин кандайдыр бир өзгөрүүлөр болдубу?

– Биз бюджеттик кодексти кабыл алганбыз. Ага ылайык, атайын эсеп дегендердин баары жоюлган. Негизги максат сиз айткандай, коррупциялашкан элементтерди жоюу болчу. Акча каражаттарынын баары бирдиктүү казыналык эсепке түшүп, каржы министрлиги андан ары берилишин көзөмөлдөйт. Ошон үчүн бул туура кадам болгон. Бүгүнкү күндө ал Жерде коррупция такыр жоюлду дегенден алысмын. Бирок, бул нерсе коррупциялык элементтерди жоюуга чоң кадам болгону чын.

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: