“Урматтуу прокуратура кызматкерлери! Бүгүнкү сиздин 1 жылдык отчетто жалпы жонунан баса белгилеп айтканда, ишиңиз баягы прокурор болуп келип жаткандагы берген убадаларыңызга жалпы жонунан туура келди деген бааны берет элек”, – деп билдирди бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Алманбет Шыкмаматов парламентте отчет берип жаткан КР Генпрокурору Өткүрбек Жамшитовго кайрылып.
“Коррупция менен күрөшүү боюнча, ири суммаларды мамлекетке кайтаруу аракети болуп жатат. Бул – ТЭЦ, бул – музей, бул айтор үрөйдү учурган, коомчулукта чоң резонансты пайда кылган, коррупциялык иштердин бети ачылды, ага сиздин тикелей, сиздин командаңыздын тикелей эмгеги бар деп муну бир баса белгилеп айтпасак болбойт. Мындан тышкары дагы бир жакшы жагдай, сиздин коомчулуктун пикирине парламенттен келген сигналдарга, анан эң негизгиси – журналисттерден барган сигналдарга прокуратура өз убагында оперативдүү түрдө реакция болуп жатат. Менин кааларым, ушул темпти азайтпасаңыздар”, – деди Алманбет Шыкмаматов.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ